Түстүү шарфтар

Сизге: ачык түстүү шарф, түстүү жумшак оюнчук же кооз кийим; жумшак жер же балдар үчүн кресло керек.

Оюндун маңызы эмнеде: көздүн туура өнүгүшү көптөгөн аракеттерди талап кылат. Алардын бири —  буюмду көз менен байкоо.

Алгач ойной турган жерди даярдаңыз. Сизди жана балаңызды эч нерсе алаксытпагандыгын жана колуңузда түстүү шарф бар экендигин текшериңиз.

Балаңызды жаздыкка сиздин жүзүңүздү карагандай кылып жаткырыңыз же аны балдар үчүн креслого отургузсаңыз болот. Ачык түстүү шарфты колуңузга алып, балаңыздын жанынан отуруңуз.

Кичинекей бала кандай түстөрдү көрүп жаткандыгы жөнүндө айтып берүү менен шарфты жай жылдырыңыз. Баланын шарфты карап жатканын көргөндө, аны башка тарапка жылдырыңыз. Балаңыздын шарфты көзү менен байкап жатканын көрөсүз.

Бул оюнду көп ойноңуз, эгерде сизде ачык түстүү шарф жок болсо, анда жоолукту, түстүү жумшак оюнчукту же түстүү кийимди колдонууга болот.

Эгер балаңыздын чарчап же тажап баштаганын байкасаңыз, башка иш-аракетти баштаңыз же эс алдырыңыз.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: көрүү нейрондору жашоонун алгачкы айларында калыптана баштайт. Балаңыздын көрүүсүн стимулдай турган иш-аракеттер абдан маанилүү.