Учууну элестетүү

Сизге керектүү материалдар: Эч нерсенин кереги жок

Бирге эмне кылсаңыз болот: Балдарыңызга учуу кандай болоорун элестетишин сунуштаңыз. Кайда бармак элең? Кимди көрдүң? Канчалык ылдамдыктыкта учтуңар?

Балдар айга баруу кандай болорун, же болбосо учуу жөндөмүн бийик жерлерде тыгылып калган жаныбарларды куткаруу сыяктуу, жакшы иш- аракеттерге пайдаланууну элестетишет.

Деталдарга сөзсүз иликтөө жүргүзүңүз - сенин оюңча, аба 5000 м бийиктикте кандай жыттанат? Бул сенин териңде кандай сезилет? Туура эмес жооптор жок, асман чексиз!

Дүйнөдөгү эң ылдам куш шумкар экендигин билет белең? Бул укмуштуу канаттуулардын ылдамдыгы саатына 386 чакырымга чейин жетет!

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат:  Элестетүүсү күчтүү балдар учуу кандай болоорун элестетип, кыялдануусун сыртка чыгарууну жакшы көрүшөт! Бул иш-аракет баарлашууга байланыштуу, анткени балдарыңыз өз ойлорун, сезимдерин  жана учкул кыялдарын билдиргенди үйрөнүшөт.