Үндөрдү аныктайбыз

Сизге: жакшы маанай керек!  

Оюндун маңызы эмнеде: биринчи оюнчу азыр угуп жаткан үндү табышмак кылат жана ошол үн чыгарган жаныбардын биринчи тамгасын атайт. Мисалы, эгер бул чымчыктын үнү болсо, анда: Чдан...башталган жаныбардын үнүн угуп жатам” деп айтууга болот. Калган оюнчулар биринчи оюнчунун эмне деп айтканын табышы керек! Оюнчулардан бирөө тапкан сайын оюнчулар ролдору менен алмашышат.

Кызыктуу маалымат: окумуштуулар көк киттер жүздөгөн чакырым аралыктагы башка киттердин үнүн угат деп божомолдошот.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул иш-аракет “Мен көрүп жатам” деген оюнга окшош, болгону — бул жерде негизгиси көрүү эмес, угуу! Оюн балдардын байкоочулугун өнүктүрүү үчүн сонун. Эң жагымдуусу эмне? Балдар айланадагы үндөрдү угуп, мүмкүн болушунча аз ызы-чуу кылышат!