Үндөрдүн оюну
Сизге керектүү материалдар: Эч нерсе
Бирге эмне кылсаңыз болот: Ымыркай жашоону баштаган учурдан баштап, ал сиз менен, сиз болсо аны менен баарлашасыз. Ымыркайдын тилди түшүнүүсүн жакшыртуу үчүн сиз колдоно турган ар кандай иш-чаралар жана стратегиялар бар.
Бул ишти баштоо үчүн, ымыркайыңызды жумшак жерге жаткырыңыз же өзүңүзгө бетме-бет каратып көтөрүңүз. Ырды бийик тондо же кичинекей баланын үнү менен ырдоодон баштаңыз. Көпчүлүк ымыркайлар мындай тонду оң кабыл алышат. Анын жүрөгү тез согуп, кубанып, толкунданып турганын байкасаңыз болот.
Андан кийин ошол эле ырды кайра ырдаңыз, бирок бул жолу төмөн же жумшак тон менен. Алардын реакциясы тынч жана бактылуу болоорун көрөсүз.
Ар кандай обондорду колдонуу - ымыркайыңызга башка үндөрдү таанып баштоого жана ошону менен аларды козгогон эмоцияларды билдирүү үчүн эң сонун идея; бул иш аракет ошондой эле ымыркайыңыздын реакциясын байкаганга жардам берет.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Бул иш-аракет ар кандай үндөрдү таанууга түрткү берүүдөн тышкары, ымыркайыңыз адамдын үнүн башка үндөрдөн айырмалап, анын тилин өркүндөтүп, ымыркайыңыздын баарлашуу жөндөмдөрүн өркүндөтөт.