Үндү издөө
Сизге керектүү материалдар: Эч нерсе кереги жок.
Бирге эмне кылсаңыз болот: Балдар кенч издегенди жакшы көргөндөй эле, үндөрдү издөөдө дагы кубанычта болушат. Бөлмөдөгү же айланаңыздагы бардык үндөрдү кармоо үчүн, токтоп, жакшы угуу адатты баштоо керек. Бир аз унчукпай туруңуз жана балаңызды дагы ошого үндөңүз. "Тшшшшш, угалычы, кандай үндү кармай алабыз" деген сыяктуу сөздөрдү айтып, андан кийин кулактарыңызды көрсөтүңүз. Сиз тарсылдап-турсулдаган, улуган, чырылдаган, шыңгыраган, тырмалаган, сүйлөшүп жаткан үндөрдү уга аласыз. Баланы кулак салып укканга үндөп “Кел, биз уккан үндөрдү чогулта алабызбы? Сааттын кагылганын, автобустун өтүп баратканын, кошунанын лифт менен көтөрүлгөнүн угуп жатам", деңиз. Балаңыз али түшүнбөсө дагы, ушул сыяктуу көптөгөн кызыктуу сөздөрдү колдонуңуз.
Эгер бала чоңураак болсо, анда "Бул үндү кайдан тапсам болот?" (андан кийин аны туураңыз) деген суроону койсоңуз болот. Ал үн жана аны жараткан нерсенин аталышын айтуу менен алардын ортосундагы байланышты түзүү сезиминен ырахат алсын. Ошентип тил түшүнүктөр менен байланышып, сөз байлыгын байытат.
Сиз бул иш-аракетти турмуштук ар кандай кырдаалда - эркин оюн катары жана бош убакытта, ошондой эле күнүмдүк иш аракетте - кийинүү, тамак-аш даярдоо, гигиеналык процедуралар, соода кылуу, сейилдөө, унаа айдоо жана (эгер жергиликтүү санитардык эрежелер уруксат берсе) автобус күтүп турган учурда же банкка, почтага же дарыгерге кезекте турган мезгилде колдоно аласыз.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Балаңыз сиз менен болгон аракеттерди чыдамсыздык менен күтөт жана сиз менен чогуу ойноп жатканда, ал мимиканы, жаңсоолорду жана жакын адамдардын кээ бир иштерин туурайт, сөөмөйү менен өзүнө кызыккан нерсени көрсөтөт же башка адамдарды кызыктырыш үчүн бир нерселерди сунуштайт жана аларды оюнга тартат. Бул иш-аракет анын сөз байлыгын жана дүйнө таанымын кеңейтет. Балаңызга курчап турган чөйрөнү изилдегенге, эмне угуп жаткандыгын сизге жөнөкөй сөздөр менен болсо дагы айтып бергенге уруксат бериңиз.