Үрптөрдүн сезгениши жана кесилип кетиши

Үрптөрдүн сезгениши жана кесилүү өзгөчө эне сүтүн эмизүү башталгандагы кеңири тараган көйгөй болуп саналат. Бул эмизүүнү кыйындатышы, ыңгайсыздык пайда кылышы, ал эми кээде эмизүүдөн баш тартууга алып келиши ыктымал. Бактыга жараша, эгерде ал орун ала турган болсо бул көйгөйгө бөгөт коюу жана аны тез жана ийгиликтүү дарылоонун ыкмалары бар.
Body

Үрптөрдүн сезгенишинин жана кесилүүнүн кыйла кеңири тараган себеби эмизүү учурунда үрптү оозго туура эмес алуу болуп саналат.

Башка себептер төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:

  • сүт бездеринин катууланышы
  • инфекция (молочница)
  • тил жүгөнчөсүнүн кыска болушу
  • өтө тез-тезден жана узакка эмизүү сеанстары (ал ыйлаары менен эле көкүрөктү салсаңыз) же көкүрөктө “уктоо”.
  • жеке сезимталдык

Белгилери жана симптомдору

  • Ареоладагы же үрптөгү оору.
  • Кармаганда үрп ысып турат, кызарган, жарылган же кан чыгып турат.
  • Сүт безинин көлөмүнүн чоңоюшу, шишимик тартуу, сүттө кандын аралашмасы пайда болот.

Кеңештер жана сунуштар

Эгерде сиз сүт безинин кесилип кетишинин мүмкүн болгон себептерин билсеңиз, аларга бөгөт коюну да билесиз. Эмизүү оорутпашы керек; баланын оозунан эмчекти чыгарганда, ал жалпайып жана формасы бузулбашы зарыл.

  • Баланын көкүрөгүнө кантип жайгашкандыгын текшериңиз жана керек болсо абалын оңдоңуз
  • Колду дайыма жууп туруңуз
  • Инфекция (молочница) пайда болсо дарылоо керек
  • Бюстгальтерге арналган дакилерди эгерде алар нымдалып калса тез-тезден алмаштырып туруңуз. Бул бактерия жана грибок инфекцияларынын, анын ичинде молочницанын тобокелчилигин азайтат.
  • Эмчек эмизгенден кийин, үрптөрдү жылуу суу менен жууп, сүлгү менен кургактаңыз же кургашы үчүн ачык коё туруңуз, ареолага жана үрпкө эмчек сүтүн сүйкөп, анан көкүрөгүңүздү абага кургатыңыз.

Дарылоо

  • Сүт агымын стимулдаштыруу үчүн эмчек эмизерден мурун төшүңүзгө жылуу компресс коюңуз; оору эмчек эмизүүнүн башында, сүт агып баштаганга чейин күчтүү болот.
  • Ар бир эмчек эмизүүнү азыраак ооруткан эмчектен баштаңыз.
  • Эмизүүнүн аралыктарын көбөйтүүнүн кереги жок. Тез-тезден эмизүү сүттүн иштелип чыгуусуна өбөлгө түзөт, ошондуктан ооруксунганына карабастан эмизүүнү уланта бериңиз.
  • Эгерде жабыркаган жер катуу канаса, ал көкүрөктү 1-2 күн эмизбеңиз. Бул убакыттын ичинде, аны ар бир 2-3 саатта кол менен саап үзгүлтүксүз бошотуңуз. Балага саалган сүттү чай кашык менен бериңиз.
  • Силикон эмчек калканы ооруну басаңдатууга жана эмчектин айыгып кетишине андан ары зыян келтирүүнү токтотууга жардам берет; алардын гигиенасына кам көрүңүз.

Бул чаралардын баары бир нече күндүн ичинде жакшыртууга алып келиши керек. Эгерде ыңгайсыздык кетпесе, анда дагы эле кызаруу жана ачыштыруу же кычышуу түрүндө оорутуу болуп жатса, сизде үрптөрдө инфекция болушу мүмкүн. Ал көбүнчө (Staphylococcus aureus) же грибок (candida) бактериялары тарабынан пайда болот, ошондой эле аралаш дагы болушу мүмкүн. Дарылануу үчүн дарыгерге кайрылуу керек. Дарыгер баланын көйгөйү бар-жогун текшерет: дарыланышы керек болгон молочница (кандидоз) же оңдоого муктаж болгон тил жүгөнчөсүнүн кыска болушу.

Баланы эмизгенде үрптөрүңүз өтө ооруп жатса дагы, баары бир сүттү сааганга туура келет. Эгерде көкүрөгүңүздү үзгүлтүксүз бошотуп турбасаңыз, сүт түтүктөрү бүтөлөп жана мастит пайда болушу мүмкүн. Көкүрөктү үзгүлтүксүз бошотуп турбаса ошондой эле сүттүн иштелип чыгышынын азайышына да алып келиши мүмкүн.