Үй-бүлөлүк альбом

Сизге: ыңгайлуу кресло, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын адамдардын же достордун сүрөттөрү керек.

Оюндун маңызы эмнеде: бала төрөлгөндө жакын адамдарыңыз менен баарлашуу азыраак болуп калышы мүмкүн — сунушталган көнүгүү балаңызга сиз үчүн маанилүү адамдардын жүздөрүн таанып-билүүгө жардам берет.

Алгач балаңыздын таануусун каалаган ар бир адамдын сүрөтүн даярдаңыз. Ар бир сүрөттө адамдын жүзү гана болгону жакшы.

Бардык сүрөттөр чогултулгандан кийин аларды балага көрсөтө баштоого убакыт келди! Ыңгайлуу креслого отуруп, ага сүрөттөрдүн бирин көрсөтүңүз.

Бала сүрөттү карап жатканда, ага адамдын ысымын жана сизге ким болорун айтыңыз. Бул адам жөнүндө жакшы нерселерди, балага ал адам аны канчалык жакшы көрөрүн айтыңыз.

Бул аракетти күнүнө бир жолу бир нече күн кайталасаңыз болот, андан кийин бир-эки күндүн ичинде бала аны эстеп, таанып-билүү үчүн аны көрсө да жакшы болот.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул көнүгүүнү жасоо балаңызга тааныш жүздөрдү таанууга, келечекте өз ара аракеттенүү үчүн социалдык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берет.