Үй-бүлөлүк дарактын сүрөтүн тарткыла

Сизге: кагаз, калем, калемсап, сызгыч, кайчы керек.  

Оюндун маңызы эмнеде: балдар үй-бүлөлүк дарактын борборунда болушу керек, андыктан балдардан өздөрүн кагаздын ылдый жагына тартууну, сиз менен бир туугандарын (эгер бар болсо) тартууну өтүнүңүз. Биринчи этап —  ата-энени өзүнүн эки жагында көрсөтүү. Ар бир адам үчүн туулган күнү жана туулган жери сыяктуу маалыматтарды кошууга болот же жөн гана ысымдарды көрсөтүп, көркөм жасалгалоого көңүл бурсаңыз болот. Адегенде бардыгын калем менен канча орун керек экендигин түшүнгөнгө чейин тартыңыз, андан кийин бардыгын түстүү кылып тартыңыз. Үй-бүлөңүздүн мүчөлөрүнүн ортосунда сызыктарды жана жебелерди тартуу үчүн сызгыч керек болушу мүмкүн. Сиз үй-бүлөңүздүн мүчөлөрүн даракка жалбырак түрүндө кошуу үчүн кайчы менен чыгармачылыгыңызды көрсөтө аласыз.

Кичинекей балдар үчүн жөнөкөй диаграмма түзүңүз. Чоң ата, чоң апа жана таята, таенесин атаңыз, аларга чоң ата жана чоң энесинин, таята жана таенесинин ата-энесин кошуңуз.

Бардык үй-бүлөлөр ар кандай, андыктан даракты өзүңүздүн муктаждыктарыңызга жараша түзүңүз, чыгармачылыкты көрсөтүңүз жана ырахат алуу менен үй-бүлөңүздүн уникалдуу окуясын талкуулагыла.

Балдар манжалары менен татаал деталдарды кошуп, алаканы менен боеп сүрөт тарта алышат!

Фамилияңыз ата-бабаларыңыздын жашоодо эмне менен алектенгенин көрсөтө алаарын билчү белеңиз? Мындай “сүйлөгөн” фамилиянын мисалы — Жылкычиев же Козубаева.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул тапшырма балдарга ата-бабалары жөнүндө билүүгө жардам берет. Бул балдар үчүн үй-бүлөсүнүн тарыхын өздөштүрүү менен улуу курактагы тууганы менен убакыт өткөрүүгө сонун мүмкүнчүлүк. Бул чыгармачыл иш балдарга үй-бүлөлөр курамы жана көлөмү боюнча ар кандай болоруна үйрөтөт. Ким билет, мүмкүн сиз да өзүңүз үчүн жаңы нерсени аныктайсыз!

Бул чыгармачыл көнүгүү бардык курактагы балдар үчүн пайдалуу! Кичинекей балдар майда моторикасын, түстөрдү таанууну өрчүтүп, түстөрдү аралаштыруу кандай натыйжа берерин түшүнүшөт. Улуураак балдар чыгармачыл деталдарга жана көркөм ыкмаларды колдонууга көбүрөөк көңүл бурушу мүмкүн.