Үй-бүлөлүк маек
Сизге керектүү материалдар: Эч нерсе
Бирге эмне кылсаңыз болот: Ким биринчи суроолорго жооп берүүсүн чечип, балдарыңызды суроолорду берүүгө үндөңүз! Бир аз илхам керекпи? Төмөндөгү суроолордон баштап, сүйлөшүү сизди кайда алып баратканын байкап көрүңүз!
1 Багып жаткан үй жаныбарларыңар барбы?
2 Кышты жактырасыңбы же жайдыбы ? Эмнеге?
3 Сен жактырган тамак кайсы?
4 Башка мамлекетте жашап көрдүң беле? Каалайт белең? Кайда жашаганды каалайт элең?
5 Сен жактырган ыр кайсы?
6 Сөөктү сындырып көрдүң беле?
7 Акыркы жолу кайсы тасманы көрдүң?
8 Эгер сен өткөн тарыхка кайрылып, тарыхта калган бирөө менен таанышып калсаң, ал ким болмок?
Эми балдарды өз суроолорун ойлонууга үндөңүз –– алар сөзсүз эле чындыкты чагылдырган суроолор болушу шарт эмес! Кайсы жаныбарга окшош экенин, же өмүр бою кайсы тамакты күн сайын жегенди каалашын сурашса кандай болот? Бул иш аракет менен көңүл ачкыла!
Балдарыңызды кызыл килемдин үстүндө атактуулардан интервью алып жаткандай репортердой роль аткарууну көрсөтүүгө үндөө менен бул иш-чараны көңүлдүү өткөрүңүз!
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Кызыккан балдар бул иш-чарада өздөрүн эркин сезип, үй-бүлөсүнөн бирөөнү (эми сиз!) суроо бергенге аныктай алышат! Бул алардын социалдык жана коммуникативдик жөндөмдөрүн өркүндөтүүнүн жана сиз жөнүндө жаңы нерселерди билүүнүн, ишенимдүү жолу.