Үй-бүлөлүк медайымдын үйгө үзгүлтүксүз баруулары: 18 айлык куракта

Үйгө үзгүлтүксүз баруулардын максаты балаңыздын ден соолугун сактоо жана жакшыртуу болуп саналат. Үй-бүлөлүк медайым үйгө барууга пландаштырылган иш-чараларды аткарат, ошондой эле сиздин суроолоруңузга жана кыйынчылыктарды чечүүгө жооп алуу үчүн жетишерлик убакыт калтырат.
Body

18 айлык куракта сизге үй-бүлөлүк медайым үйүңөргө барат жана дарыгердин сунуштарынын аткарылышын баалайт. Балаңыз бул учурда басып жүрөт жана сейилдөө учурунда оюнчуктарды сүйрөйт. Эми ал сөз менен айтылган өтүнүчтөрдү көрсөтпөстөн эле түшүнүп калды жана сүйлөшүү учурунда көбүрөөк сөздөрдү колдонот. Балким ал сиздин жаңсоолоруңузду түшүнөт жана сизди оюнга тартууга аракеттенет. Ал өзүнүн эркин өжөрлүк менен билдире баштады жана кээде сиздин буйруктарыңызга баш ийүүнү каалабайт. Бала көп нерсени үйрөндү, бирок муну дайыма эле көрсөтө бербейт.

 Үйгө баруунун максаты

  • Медайым баланын канча чоңойгондугун жана тамактануусунда көйгөйлөр жокпу текшерет. Бул бала канча убакыт физикалык жактан активдүү болоорун жана ал канча убакыт отураарын, баланы жаракаттардан кантип коргоо керектигин, бала мектепке чейинки мекемеге барабы же жокпу талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк. Медайым ошондой эле бала үчүн китеп окуп берүүнүн, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү менен биргеликте жана үйдөн тышкары оюндардын маанилүү экендиги тууралуу айтып берет.
  • Мындан тышкары медайым баланын коммуникативдик жөндөмдүүлүктөрүн (аутисттик бузулуулардын эрте белгилерин жокко чыгаруу үчүн) баалайт.
  • Сергек жашоо мүнөзү: Медицина кызматкери сизге бала үчүн тамекинин түтүнүнүн таасирине бөгөт коюу, уюлдук телефондордун, планшет, сыналгынын эрте таасирине бөгөт коюу тууралуу айтып берет, баланы төшөккө бөтөлкө менен жаткырбоону, өзгөчө сүт аралашмасы же таттуу суусундук куюлган бөтөлкөнү колдонбоону сунуштайт, күн нурунун коопсуз таасири жана баланы унаада кантип коопсуз ташуу керектиги тууралуу айтып берет. Мындан тышкары медайым баланын түшкү тамактарга катышуусунун артыкчылыктарын талкуулайт. Ошондой эле тиштердин жана ооз көңдөйүнүн гигиенасынын маселелери дагы талкууланат.

Эмдөө  

  • Медайым балаңыздын учурда кайсы вакциналарды алгандыгын текшерет. Эгерде ал иммундаштыруунун учурдагы календарына ылайык бардык керектүү вакциналарды алган болсо, анда медициналык кызматкер алынган вакциналарга кандай реакция кылгандыгын жана ал ортодо кандайдыр бир тамак-ашка же дары-дармектерге аллергиясы болгон же болбогондугун текшерип чыгат. 

 Жыйынтыктоо:

  • Келүү учурунда алынган бардык маалыматтардын негизинде медайым сиз менен балаңыздын өсүшү, өнүгүшү жана ден соолугу боюнча өзүнүн пикири менен бөлүшөт.  
  • Сизге кийинки келүүнү качанкыга пландоо керектиги жөнүндө маалымдалат. 

Пландуу профилактикалык баруулар балаңыздын ден соолугун жана жетишкендиктерин талаптагыдай деңгээлде көзөмөлдөө жана аны дайыма колдоо максатында киргизилгенин унутпаңыз. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз!