Үй-бүлөлүк ырлар
Бул оюн материалдарды талап кылбайт.
Оюндун маңызы эмнеде: балаңыз төрөлгөндөн баштап эле ага ырдап берип жаткандырсыз. Бул куракта ымыркай сиз менен сүйүктүү ырларын ырдоону үйрөнүүгө кызыкдар болушу мүмкүн. Алгач балаңызга жакшы тааныш болгон жөнөкөй ырлардын бирин ырдаңыз. Бир бөлүгүн сиз менен ырдоого аракет кылып көрсүн — балким кайырмасын же кайталанган саптарын. Кичинекей балаңыз туура сөздөрдү же саптарды өзү ырдаш үчүн тыным жасаңыз. Бул бүт үй-бүлө үчүн сонун көнүгүү. Бир убакта бала бул ырларды өзү ырдап жатканын, ойноп жатканда же уктаар алдында да ырдаганын байкасыз.
Мында бала эмнеге үйрөнөт: иш-аракеттин бул түрү балаңыздын эс тутумун жана ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрөт. Мындан тышкары, кичинекей бала сиз ырдаган ырларды жаттоо менен жаңы сөздөрдү үйрөнөт, музыкалык үнүн жана ритм сезимин өнүктүрөт.