Үй-бүлөмө тамак жасоо
Сизге керектүү материалдар: Жөнөкөй ингредиенттерден турган үй-бүлө үчүн тамак-аш даярдоого, адатта, колдоно турган нерселердин бардыгы; балаңыз жардам бере турган жөнөкөй шаймандар (кичинекей идиш жана кашык, желим бычак ж.б.).
Бирге эмне кылсаңыз болот: Ушул жашта көпчүлүк балдар жардамчы болгонду жакшы көрүшөт жана тамак-аш даярдоо өзгөчө кызыктуу. Биргелешип тамактануу, балаңыздын тилин өркүндөтүүгө жардам берет! Чогуу иштешип жатып, эмне кылып жатканыңыз жөнүндө сүйлөшүп, башка учурда колдонууда бир аз татаалыраак болгон сүрөттөөчү сөздөрдү колдонуңуз. Мисалы, сиз: “Мага азыр башка кашык керек. Мага башка түрдөгү, буга окшобогонун таап бере аласыңбы? О, сонун, бул чоңураак экен! Эми тортту көмөч казанга салабыз. Мага чоңу керек. Тиги идиштерди көрүп жатасыңбы? Эң чоңун таба аласыңбы? ”. Сиз балаңыздын тил жөндөмүн эң жакшы билесиз. Бул сүйлөшүүңүздү текшерүү катары эмес, көңүлдүү иш-чара жана жөн гана балаңызга жаккан иш-чарада жаңы сөздөрдү колдонуунун кызыктуу мүмкүнчүлүгү болуш керек.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Мындай иш-чара, көп нерселерди сүйлөшүп, кызыктуу нерселерди жасоо менен, сөз байлыгын бекемдейт жана жалпы тилдин өнүгүшүн шарттайт. Сиздин балаңыз кыйла татаал сөздөрдү жана сөз айкаштарын түшүнүүнү кеңейтет жана бара-бара өзү колдоно баштайт. Китептерди чогуу карап, окууну жана окуяларды айтып берүүнү унутпаңыз. Ушул мезгилдерде балаңыз менен баарлашуу анын тилин жана баарлашуу жөндөмдөрүн өркүндөтүүнүн маанилүү жолу болуп саналат.