Үй оркестри

Сизге керектүү материалдар: Кастрюлдар; Табактар; Пластик идиштер; Металл кашыктар; Жыгач кашыктар; Металл аралаштыргыч; Айнек бөтөлкөлөр; Суу; Эластикалык кесиндилер; Бут кийим кутусу

Бирге эмне кылсаңыз болот:

1 кадам

Illustration of Household orchestra Step 1

Жабдуулардын тизмесин карап чыгып, балдарды үйдө колдонгон  буюмдарыңыздан чогулткан  нерселерден үндөрдү чыгарууга үндөңүз. Темир кострюлдар менен менен табактар урма аспаптардын бөлүмүнүн өзөгүн түзөт. Жыгач жана темир буюм менен урганда, ар бир "аспап" кандай үн чыгарат?

2-кадам

Illustration of Household orchestra Step 2

Ар кандай көлөмдөгү айнек бөтөлкөлөрдү ар кандай көлөмдөгү сууга толтуруңуз. Бөтөлкөнүн ачык турган баш жагына кескин үйлөп , сиз "ышкырык" жаратасыз. Эски сүт бөтөлкөлөрүн же соустун бөтөлкөлөрүн колдонуңуз, бирок айнектен жасалган бөтөлкө жакшы иштейт. Бул үйлөмө аспаптар бөлүмү болот. Ошондой эле аларды кылдаттык менен бассаңыз, алар айнек бөтөлкөдөн ксилофон (музыкалык аспап) жаратышат.

3-кадам

Illustration of Household orchestra Step 3

Бут кийим кутучасынын айланасына чозула турган кесиндилерди тартыңыз. Гитара сыяктуу коробканын ортосунан тегерек тешикти кесүү менен тажрыйба жүргүзсөңүз болот. Ар кандай калыңдыктагы тилкелер ар кандай үндөрдү чыгарып, кичине же чоңураак кутучалар үндөрдү ар башкача чыгарат. Кыл аспаптар бөлүмү менен тажрыйба жүргүзүңүз.

4-кадам

Illustration of Household orchestra Step 4

Балдар өз оркестрине ар кандай үндөрдү чыгарган электр жабдыктарын (чоңдордун көзөмөлү менен) кошсо болот. Аралаштыргычтар (блендер, миксер), чайнектер, чаң соргучтар жана кир жуугуч машинелер сиздин оркестрдин кереметтерин укмуштай сонун фон менен көрсөтүшөт.

"Оркестр" деген сөз грекче "бийлөө" деген сөздөн келип чыкканын билдиңиз беле? Музыка "ойноп" жатканда, бийлөөгө да убакыт бөлүңүз!

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат:  Балдар ызы-чуу чыгарганды жакшы көрүшөт! Ар кандай үндөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн аларга чексиз убакыт бериңиз. Бул иш-чара балдарды үн жана музыка кандайча чыгарылаары, ошондой эле эмне мыкты жана эң катуу угулаары жөнүндө ой жүгүртөт.