В гепатитине каршы вакцина

"В гепатитине каршы вакцина В гепатитинин вирусунун (HbsAg) жогорку деңгээлде тазаланган инфекциялык эмес үстүрт антигенин билдирет. Вакцина гендик-инженердик технологияны колдонуу менен иштелип чыккан."
Body

В гепатитине каршы вакцина В гепатитинин вирусунун үстүрт антигендин (HbsAg) жогорку деңгээлде тазаланган инфекциялык эмес бөлүкчөлөрүн камтыйт. Иммундук жоопту күчөтүү үчүн адъювант катары вакцинага алюминий туздары кошулат.

Вакцина ымыркайлардын жана 1 жашка чейинки балдардын санынын алдыңкы капталынын үстү жагына сайылат.

1 жашка чейинки балдарга В гепатитине каршы пландуу эмдөө Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө календарына ылайык жүргүзүлөт:

  • 24 сааттын ичинде төрөт үйүндө
  • 2 айлыгында; 3,5 ай жана 5 айында көк жөтөл, кептөөр, селейме, гемофилдик инфекция, В гепатитине каршы айкалышкан көп компоненттүү вакцинанын курамында.

Эгерде балада мурдагы жасалган вакциналарга күчтүү реакция байкалган болсо, ага эмдөө дайындалбайт.