Ымыркайлар жана жаш балдар үчүн туура тамактануу: беш азык-түлүк тобу
Ымыркайлар жана жаш балдар үчүн пайдалуу тамактар деген эмне?
Ымыркайлар жана жаш балдар үчүн пайдалуу азык-түлүктөр беш топтон турган азыктардын кеңири топтомун камтыйт:
- жашылчалар;
- жер-жемиштер;
- дан азыктары;
- сүт азыктары;
- белоктор.
Ар бир азык-түлүк тобу баланын организминин нормалдуу өсүшү жана өнүгүүсү үчүн керектүү азыктарды камтыйт. Ошондуктан биз беш азык-түлүк тобуна кирген ар кандай азыктарды жешибиз керек.
Эне сүтүнөн же балдар үчүн аралашмадан кадимки үй тамактарына өтүү убакытты талап кылат жана бала беш топтогу бардык азык-түлүктөрдү дароо жебейт. Баланын рационуна катуу тамактарды киргизүү — бул биринчи кадам. Кичинекей бала катуу тамактарды жей баштаганда, ар бир тамакка ар кандай топтогу азык-түлүктөрдү кошууга аракет кылыңыз.
Жер-жемиштер жана жашылчалар
Жашылчалар жана жер-жемиштер балага энергия берет, организмди витаминдер, антиоксиданттар, клетчатка жана суу менен камсыздайт. Алар баланы кийинчерээк оорулардан, анын ичинде жүрөк ооруларынан, инсульттан жана рактын айрым түрлөрүнөн коргоого жардам берет.
Балаңызга ар бир тамак учурунда жана жеңил тамак катары жашылча-жемиштерди берүү сунушталат. Ар кандай түстөгү, текстурадагы жана даамы ар башка болгон жашылча-жемиштерди тандап, балдарга жаңы жана кайра иштетилген түрүндө сунуштаңыз.
Кирлерди жана химикаттарды кетирүү үчүн жемиштерди жууңуз, бирок терисин сыйрыбаңыз, анткени анын курамында пайдалуу заттар бар.
Эгерде бала жашылча-жемиштерди жегиси келбесе, бул ага эч качан жакпайт дегенди билдирбейт. Бала сиздин ар кандай жашылча-жемиштерди жеп жатканыңызды көргөндө, ал да татып көрөт.
Дан азыктары
Дан азыктарына нан, макарондор, кесме, эртең мененки тамак үчүн дандар, күрүч, жүгөрү, гречка, сулу жана арпа кирет. Бул азыктар балага өсүү, өнүгүү жана үйрөнүү үчүн керектүү энергия берет.
Гликемиялык индекси төмөн дан азыктары, мисалы, катуу дан эгиндеринен жасалган макарон жана нан балага узак убакыт бою энергия берип, ток болуу сезимин сактайт.
Сүт азыктары
Негизги сүт азыктары — сүт, курут, сыр жана йогурт. Бул азыктар белок жана кальцийге бай.
Сүт азыктарын баланын рационуна болжол менен алты айдан баштап киргизсе болот. Ошол эле учурда эмчек сүтү же балдар үчүн аралашма болжол менен 12 айга чейин бала үчүн негизги суусундук бойдон калууга тийиш. Андан кийин ага майсыз уйдун сүтүн бере баштаса болот.
Бул курактагы балдар абдан тез өсүп, көп энергияга муктаж болгондуктан, эки жашка чейин майлуулугу жогору сүт азыктарына муктаж.
Белоктор
Белокко бай азыктардын катарына – майсыз эт, балык, тоок, жумуртка, буурчак, жасмык, нокот, тофу жана жаңгактар кирет. Бул азыктар булчуңдардын өсүшү жана өнүгүшү үчүн маанилүү.
Аларда темир, цинк, В12 витамини жана омега-3 май кислоталары сыяктуу башка пайдалуу витаминдер жана минералдар бар. Кызыл эт менен майлуу балыктын курамындагы темир жана омега-3 май кислоталары мээнин өнүгүшү жана үйрөнүү жөндөмү үчүн өзгөчө маанилүү.
Күнүмдүк азык-түлүктөрдүн ченемдери жана сунуштар жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн 2-3 жаштагы балдар үчүн тамактануу боюнча иллюстрацияланган колдонмобуз менен тааныша аласыз. Балаңыздын тамактануусуна байланыштуу кооптонуулар болсо, диетолог менен сүйлөшсөңүз болот.
Пайдалуу суусундуктар
Суу — 12 айдан жогору курактагы балдар үчүн эң пайдалуу суусундук. Жана да эң арзан. Крандагы суу көбүнчө фтор менен байытылгандыктан тиштердин бекем болушуна жардам берет.
Эмчек эмген жана аралашма менен тамактанган балдар алты айдан баштап чөйчөктөн крандан алынып, кайнатылган жана бир аз муздатылган суу иче алышат.
Колонуу сунушталбаган тамак-аш жана суусундуктар
Балаңыз фастфудду мүмкүн болушунча аз жеши керек— ачуу кытырак картошка, чипсылар, бургер, пицца. Буга торт, шоколад, момпосуй, печенье, пончик жана башка кондитердик азыктар кирет.
Бул азыктарда туз, каныккан май жана шекер көп, клетчатка жана пайдалуу заттар аз. Бул тамактарды ашыкча колдонуу балдарда семирүү жана 2-типтеги диабет сыяктуу оорулардын пайда болуу тобокелдигин жогорулатат.
Канттуу суусундуктарды — жемиштен жасалган ширелерди, спорттук жана газдалган суусундуктарды, кошулмалары менен сууларды ашыкча колдонуунун кереги жок. Аларда кант көп жана пайдалуу заттар аз. Алар салмактын өсүшүнө, семирүүгө жана тиштин бузулушуна алып келиши мүмкүн. Мындай суусундуктар менен бала табитин жоготот. Аларды жаш кезинде колдонуу өмүр бою калуучу зыяндуу адатка айланып кетиши мүмкүн.
Балдар кофеиндүү тамактарды колдонбошу керек, анткени ал кальцийдин сиңишине тоскоол болот. Мындан тышкары, кофеин — стимулятор, демек, ал балдарга жасалма энергия берет. Мындай азыктарга кофе, чай, энергетикалык суусундуктар жана шоколад кирет.
Жеңил тамактарга жана десерттерге пайдалуу альтернатива
Балаңызга жеңил тамактарды сунуштоо — нормалдуу, бирок алар пайдалуу болушу керек. Мисалы, майдаланган же жука кесилген сабиз болушу мүмкүн.
Бул тамактын аягындагы десертке да тиешелүү. Кесилген жемиш же йогурт — эң пайдалуу вариант. Эгер сиз үй-бүлөңүзгө өзгөчө бир нерсе сунуштагыңыз келсе, анда үйдө жасалуучу банан нанын байкап көрүңүз. Торт жана шоколад сыяктуу таттууларды туулган күн сыяктуу өзгөчө учурларга калтырыңыз.