Ымыркайларды жасалма тамактандыруу
Кээде ымыркай эме албай калат, андыктан сиз сүтүңүздү саап жана баланы бөтөлкө менен тамактандырууну чечесиз. Айрым балдарга сүт аралашмалары берилет, анткени кандайдыр бир себептерден улам сиз эмизе албайсыз же эмизүү мөөнөтүнөн эрте токтойт, же балаңыз үчүн жасалма тамактандырууну тандап алдыңыз.
- Бөтөлкөдөн чыккан сүттүн балага ылайыктуу экендигин текшериңиз.
- Сүттүн агымын текшерүү үчүн толтурулган бөтөлкөнүн түбүн жогору каратыңыз.
- Сүт агып кетпестен, бат-баттан тамчылашы керек. Сүт агып чыгышы үчүн бөтөлкөнү катуу силкип салууга туура келсе, демек, агым өтө жай.
- Бала тамактанып бүтө электе уктап калышы мүмкүн.
- Ымыркайдын оозунун бурчтарынан бир аз сүт агып кетиши кадыресе көрүнүш; ал бала чоңойгондо токтойт.
- Эгер идеалдуу упчуну таба албасаңыз, анда баланын курагына мүмкүн болушунча туура келген, ылдамыраак акканын тандаңыз. Өзүңүзгө жана балаңызга ылайыктуу упчуну тапмайынча бир нече упчуну эмизип көргөнүңүз нормалдуу көрүнүш.
Балага бөтөлкө менен кантип тамак берүү керек
- Ыңгайлуураак жайгашыңыз жана баланы өзүңүзгө жакын назик, бирок бекем кармаңыз. Ымыркайды эмизип жаткан абалдагыдай, тигирээк кармаганыңыз жакшы.
- Упчуну баланын эриндеринин ортосуна жайгаштырыңыз; ал оозун ачып, соро баштайт.
- Бөтөлкөнү упчу жана бөтөлкөнүн моюну сүт менен толуп тургандай кылып кармаңыз; бул баланын аба жутуп алышына жол бербейт.
- Бала сорбой калганда же бөтөлкөдөгү сүттүн жарымын ичип бүткөндө, бөтөлкөнү акырын чыгарып, анын кекиргиси келип жаткандыгын текшериңиз; кекирип алгандадан кийин, баланы тамактандырууну улантыңыз.
- Баланы тамактандырып жатканда же жок дегенде ар бир кийинки тамактандырууда баланын абалын өзгөртүп туруңуз; бул баланын сезимдерине бирдей стимул берет жана баштын деформация болуусун алдын алат.
Балага канча сүт керек?
- Тамактын санын жана сүттүн көлөмүн наристе аныктайт! Ар бир ымыркайга ар кандай көлөмдө эне сүтү же сүт аралашмасы керек. Тамактануу ар дайым бирдей болбойт, кээде күндүз тез-тез болуп, андан кийин узак тыныгуу болот.
- Эгерде сиз балдар тамагы менен тамактандырып жатсаңыз үй-бүлөлүк дарыгериңиз менен кеңешиңиз.
- Бала башка азыктар менен тамактана баштаганда, катуу тамактын көлөмү көбөйгөн сайын баланын сүткө болгон керектөөсү төмөндөйт.
- Бала ичип жаткан сүт аралашмасынын көлөмү ал бөтөлкөдөн чөйчөккө өткөндө азаят.
- Бала уйдун сүтүнө өтө ала турган 12 айлык куракта ал күн сайын 500-600 мл эне сүтүн же сүт аралашмасын ичет.
Айрым балдар эч качан курагы жана өсүшү үчүн сунушталган сүттүн көлөмүн ичишпейт. Айрымдар үчүн бул "белгиленген" көлөм жетишсиз. Ичилген суюктуктун болжолдуу эсептөө нормасы күндүз аз дегенде алты жолу жалаякты нымдоо. Эгер балаңыз сиздин сүтүңүздү же сүт аралашмасын жетишерлик өлчөмдө албай жатат деп тынчсыздансаңыз, дарыгерге кайрылыңыз.
Баланын керектөөсүнө жараша бөтөлкөдөн мээримдүү тамактандыруу
- Бөбөктү анын талап кылуусу боюнча тамактандырыңыз.
- Эгерде ал ачка болбосо, сүт аралашмасы мурунтан даярдалып калганы үчүн эле баланы тамактандырбаңыз, бул баланы ашыкча тамактандырууга алып келиши мүмкүн.
- Тамактандырып жатканда тоюп калгандыгынын белгилерин – бөтөлкөдөн башын буруу, жалкоолук менен сорууларды байкоо үчүн балага байкоо жүргүзүңүз – жана тамактандырууну өз учурунду токтотуңуз.
- Тамактандыруу учурунда балаңызды жакын кармап, эркелетип, аны менен сүйлөшүңүз; бул өсүү жана өнүгүүгө стимул берет, ошондой эле сиз менен балаңыздын ортоңордогу байланышты бекемдейт.
- Ымыркай бөтөлкөнүн ичиндегинин баарын ичкен жок же тамак учурунда уктап кетти.
- Ымыркай бөтөлкөнү түгөтпөсө жана тамактанып жатып уктап калса кабатыр болбоңуз; ага өзүнө канча сүт аралашмасы же эне сүтү керек экендигин аныктап алууга мүмкүнчүлүк бериңиз.
- Эгерде тамактануу учурунда бала уктап калса, аны ийниңизге жаткырыңыз, далысын же буттарын сылап жана таптаңыз; жалаяктарды алмаштыруу - бул баланы ойготуунун эффективдүү жолу.
- Балага сүттүн калган бөлүгүн берерден мурун ойгонушун күтүңүз.
Бир сааттан ашык убакыт өткөн болсо, бөтөлкөдөгү сүттүн калган бөлүгүн ар дайым төгүп салыңыз!
Түнкүсүн эмизүү
- Ар бир бала ар башка. Айрымдары төрт айлык болгондо, ал эми кээ бирлери эки жашында түнкү тамактан ажыратылат. Өмүрүнүн 6-айынан баштап дени сак балдар түнкү тамакка муктаж болбой калышат. Эми бул көнүмүш адатка айланат, бала чоңойгон сайын муну өзгөртүү кыйыныраак боло баштайт.
- Эгер бала бөтөлкөдөн тамактанса, анда бул түнкү тамакты биротоло токтотуунун эң акыркы баскычы! Баланын тиштерин кариестен сактоо үчүн аларды ширелер же башка таттуу суусундуктар менен алмаштырбаңыз.
- Эгер балаңыз түн ичинде 60 мл же андан аз сүт ичсе, анда сиз түнкү тамактанууну кескин токтотуп, баланы текшерилген ыкмаларыңыз менен тынчтандырып, андан кийин аны өзү уктап калгыдай кылып кайрадан керебетине жаткырып коюңуз.
- Эгер балаңыз күн сайын түнкүсүн 60 мл ашык ичсе, 5-7 түн аралыгында сүттү акырындык менен азайтыңыз жана баланы адаттагыдай тынчтандырыңыз.
Төшөктө бөтөлкөдөн тамактануу коркунучу
- Эгер балаңыз төшөктө бөтөлкө менен уктап калууга көнүп калса, анда ал өз алдынча тынчтанууну же уктап калууну үйрөнүшү кыйыныраак болот.
- Эгер бала оозундагы бөтөлкө менен уктап калса, анда сүткө какап, тумчугуп калуу коркунучу бар. Чоңураак балдарга жана чоң кишилерге караганда, ымыркайлардын дем алуусуна кандайдыр бир тоскоолдук болсо, ойгонуусу кыйыныраак болот.
- Уктап жатканда ооздо калган сүт аралашмасы тиштин кариесине алып келет.
- Бала жаткан абалда бөтөлкөдөн ичсе, кулактын жугуштуу оорусун жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Кулак угуу түтүгү аркылуу кирген инфекциядан сезгенет, анткени мурун тамак көңдөйүндөгү былжырлуу суюктук кулакка кирип кетет.