Ымыркайлардын гигиенасы жана күнүмдүк кам көрүү
Баланын бетине, башына, ооз көңдөйүнө жана тишине кам көрүү
Баланын бетине, башына, ооз көңдөйүнө жана тишине кам көрүүнүн алдында колду жууш керек.
Бет
Кебез диск менен алгач мурдун, андан кийин оозунун тегерегин кургап калган сүттү жана шилекейди жууп кетирүү менен сүртүп чыгыңыз.
Ушундан кийин гана чекесин жана беттерин сүртүңүз.

Баланын көзүн кантип туура тазалоо керек.
Баланын көзүн кебезди жылуу суу менен нымдап тазалаңыз. Алгач балаңыздын бир көзүн сырткы бурчтан ичин карай сүртүңүз, андан кийин экинчисин дагы. Ар бир көздү сүртүү үчүн таза кебез дискин колдонуңуз.
КӨЗДӨР
Ар бир көздү нымдуу кебез дисктери менен чыкыйдан тарта мурундун кырына чейин сүртүңүз, ар бир көз үчүн өзүнчө кебез дискин колдонуңуз.

Баланын кулагын жана ар бир кулактынг сырт тарабын айланта сүртүү үчүн кебез дискин колдонуңуз. Кулакка эч нерсе салбаңыз (анын ичинде кебез таякчаларын), мындай кылуу менен сиз ага зыян келтирип аласыз. Чачты жууш үчүн баланын башына акырын суу чачыңыз. Сүлгүнү акырын баланын баш терисине ары-бери жылдырып, чачын кургатыңыз.

Эртең менен жана кечинде эмизгенден кийин баланын бүйлөлөрүн жана тиштерин кыймылдарды бүйлөдөн баштап чыгып келе жаткан тиштин четтерине карай багыттоо аркылуу нымдуу даки же атайы жумшак салфеткалар (сөөмөйгө кийилүүчү кездеме капчалар) сүртүңүз. Алдыңкы жана арт жактагы тиштерди сүртүңүз. Биринчи тиштер чыкканда, тишти күнүнө жок дегенде эки жолу суу менен тазалаңыз. Кичинекей, жумшак балдар тиш щеткасын колдонуңуз.
Тырмактарды алуу

Тырмак алуу
Баланын тырмактарын атайын баланын тырмак кайчысы менен алыңыз. Сиз тырмак алып жатканда кимдир бирөө баланы кармап турсун. Бала уктап жатканда, тамактануучу отургучта отурганда же сүйүктүү ырын угуп жатканда алып көрүңүз.
Киндикке кам көрүү

Такма жалаякты киндиктин үстүнө кийгизүүнүн туура эмес ыкмасы.
Баланын киндигин тазалоодон мурун колуңузду жууңуз. Ал жерди суу менен тазалаңыз, бул үчүн губка ванналарын колдонсоңуз болот. Жуунгандан кийин киндиктин калдыгы кургап калдыбы текшериңиз. Киндиктин калдыгы айыгып кетишине жардам берүү үчүн аны такма жалаяк менен жаппаңыз.

Киндикке зыян келтирбестен кантип такма жалаякты туура кийгизүү керек.
Мүмкүн болсо такма жалаяктарды киндиктин калдыгынан алысыраак бүктөңүз. Мүмкүн болушунча киндиктин кадыгына тийгизбөө керек.
ТӨРӨЛГӨНДӨН КИЙИН 3-5-КҮНҮ КИНДИК КУРГАП ТҮШҮП КАЛАТ. 1-3-ЖУМАДА КИНДИК КАДИМКИ ЖАРАКАТ СЫЯКТУУ АЙЫГАТ.
5-15 күн
Киндикти такма жалаяк менен жаппаңыз.
АЗЫР АЙЫГЫП КЕЛЕ ЖАТКАН КИНДИКТИ АНТИСЕПТИКТЕР МЕНЕН ТАЗАЛОО СУНУШТАЛБАЙТ. КИНДИК КЫЗАРСА ЖЕ АНДАН СУЮКТУК БӨЛҮНҮП ЧЫКСА ДАРЫГЕРГЕ КАЙРЫЛЫҢЫЗ.
Ымыркайлардын жыныс органдарына кам көрүү жана гигиена

Кыздын интимдик гигиенасы үчүн графикалык сүрөттөмө.
Кыздын интимдик гигиенасы
Кыз үчүн: кебез дискин нымдап алыңыз. Ымыркайдын буттарын ачып, эгерде заңдын калдыгы калган болсо жыныс эриндеринин ортосун кебез диски менен сүртүңүз.
Кыймылдарды алдыдан баштап артка багыттоо керек.

Эркек баланын интимдик гигиенасы
Эркек балдар үчүн: жуунуп жатканда жыныс мүчөсүнүн айланасын суу менен акырын чайкоо керек. Бүрүктү сыртынан гана тазалаңыз.
