Ымыркайыңызга өзүн-өзү сооротууга жардам берүү
Сизге керектүү материалдар: Сиз, адатта, ымыркайыңыздын бешигине же ал жаткан жердин жанына коюла турган буюмдар.
Бирге эмне кылсаңыз болот: Ымыркайыңыз кыжалат болуп турганда, анын жанында болуу дагы деле болсо маанилүү. Бирок, ымыркайыңыздын өзүн-өзү жок дегенде кыска мөөнөткө тынчыта баштаганын байкайсыз. Ымыркайыңыздын жанында коопсуз заттар гана бар экенине ынанып, балаңызга өзүн-өзү сооротууга жардам берсеңиз болот. Мисалы, балаңыз сылаганды жактырган жумшак оюнчугу жанындабы? Ымыркайга көргөнгө оңой болгон түстүү мобилдик телефон же сүрөт барбы? Эгер ымыркайыңыз колдорун соруп соороно алса, анын колдору ал соро алгандай абалдабы? Ымыркайыңыздын жанына дароо бараардан мурун, бир азга токтоп, карап көрүңуз, ымыркайыңыз өзүн кыска мөөнөттө тынчтандырып же сооротуп баштадыбы же жокпу.
Ымыркайыңыз эмнени үйрөнүп жатат: Ымыркай бир нерсени жакшыраак жасаганга сиздин колдооруңузду ишенет. Ымыркайыңыз ошондой эле өзүн тынчтандыруу үчүн бир нерсе кыла алаарын үйрөнүп жатат. Өзүн -өзү тынчтандыруу - бул азыртадан баштап үйрөнө турган, жана жакынкы айларда жана жылдарда өнүктүүчү маанилүү нерсе. Адаттагыдай эле, сиздин сүйүү менен колдооңуз абдан маанилүү.