Йога

Сизге: жакшы маанай керек!

Оюндун маңызы эмнеде: балдар йога менен машыгуу үчүн секцияга жазылуунун кажети жок. Аларга дене боюн жазуу үчүн бош орун жана жумшак жер гана керек.

Кандайдыр бир татаал нерсени жасоого аракет кылуунун кереги жок - балдар йога деген эмне экендигин билүү үчүн бир нече жөнөкөй көнүгүүлөр жетиштүү. Бул иш-аракет бүтүндөй үй-бүлө үчүн эс алуу жана убакытты көңүлдүү өткөрүүнүн булагы болушу мүмкүн!

Балдар үйдө, бакчада, ал тургай сейил бакта машыга алышат. Бир нече жөнөкөй көнүгүүлөрдү жасоодон баштаңыз, мисалы:

  • Бир буттап туруу,
  • Буттун учуна жетүү,
  • Жаткан абалдан колдун жардамысыз туруу.

Андан кийин балдарга ылайыктуу жөнөкөй позалар менен таанышууга болот. Төмөндө кичинеккй балдар үчүн популярдуу позалар:

  • Дарак позасы (көптөгөн балдар бул позаны билишет, бул тең салмактуулукту иштеп чыгуу үчүн ылайыктуу).
  • Ылдый караган ит (дагы бир белгилүү поза, күчтүү болууга жардам берет).
  • Отурган абалда алдыга ийилүү (ийкемдүүлүктү жакшыртат).
  • Жоокер позасы (күч жана тең салмактуулук).
  • Бактылуу баланын позасы (керилүү жана ийкемдүүлүк үчүн эң сонун).
  • Лотос позасы (келбетти жана ийкемдүүлүктү жакшыртат).
  • Көпөлөк позасы (жөнөкөй, бирок көңүлдүү, бул поза келбетти жана ийкемдүүлүктү өнүктүрүүгө жардам берет).

Йоганын “Дого” деп аталган түрү бар. Адамдар иттери менен йога менен машыккан учур!

Мында бала эмнеге үйрөнөт: йога — балдарга эс алууга, көңүл топтоого, өзүнө ишенүүгө, күчтүү болууга, ийкемдүүлүктү өрчүтүүгө, ошондой эле келбетин жакшыртууга жардам берген эң сонун көнүгүү. Андан тышкары, бул жөнөкөй, кызыктуу жана акысыз!