Ызылдаган аары

Сизге керектүү материалдар: Чоң жууркан же жумшак жер.

Бирге эмне кылсаңыз болот: Ымыркайыңыз үчүн баары таптакыр жаңы, айлана-чөйрөнү таанып билүү үчүн ал сезимдерин акырындык менен өнүктүрүшү керек. Бул оюн аркылуу ымыркай сырттан чыккан үндөрдүн кайдан чыгып жатканын, денесинин ар кайсы бөлүгүнө тийип жаткандыгын сезүүнү үйрөнөт.

Баштаардан мурун, сиз ойной турган жерди даярдап алышыңыз керек. Алгач ымыркайыңызды жуурканга же жумшак жерге чалкасынан жаткырып, жакын отуруп, ал сизди уккудай болушу керек.

Экинчиден, сөөмөйүңүздү анын үстүнөн кыймылдатып, аарынын ызылдаган үнүн туураңыз. Ымыркайдын көңүл буруп жаткандыгын текшерип туруш керек. Аарынын ызылдаганын жасагандан бир нече секунддан кийин, ага манжаңыз менен тийип "Бызз" деңиз. Денесинин ар кайсы жерлерине "конуп", оюнду кайталаңыз.

Андан кийин оюнду кайра кайталаңыз, бирок бул жолу манжаңыздын кыймылын башыңыз менен коштоңуз. Ошентип, ымыркай үндүн кайдан чыкканын таап, аны кыймыл менен байланыштырат. Ошондой эле, кызыгуусун таркатпашка жана ар кандай үндөрдү кабылдоосун өркүндөтүү үчүн бызылдаган үндүн тонун алмаштырсаңыз болот.

Акырында, ымыркайыңызды курсагына жаткырып, оюнду кайталаңыз. Бул жолу ымыркай манжанын кандай кыймылдаганын көрбөйт жана денесине "бызылдак" тийгенче күтүүгө туура келет.

Ымыркайыңызга позитивдүү билдирүүнү жеткирүүчү жайбаракат жана жылмайган ишаратты эсиңизден чыгарбаңыз. Ымыркайыңыз өтө назик болгондуктан, ага ар дайым колуңузду акырын тийгизиңиз, ал эми чыккан үн өтө катуу болбошу керек. Эгер ымыркайыңыздын коркуп жаткандыгын байкасаңыз, жай жана акырын баштаңыз, үндү жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүңүз.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Бул кызыктуу оюн ымыркайыңызга башын жана моюнун жакшыраак көзөмөлдөп, үндөрдү табуу жана тийүү сезими аркылуу денеси менен таанышууга, угуу сезимин өрчүтүүгө жардам берет. Ушул сыяктуу иш-аракеттер менен ымыркайыңыз социалдык өз ара аракеттенүү көндүмдөрүн өрчүтө баштайт