Жаңы адамдарды жана жаңы жерлерди өздөштүрүү
Сизге керектүү материалдар: Эч нерсе
Бирге эмне кылсаңыз болот: Ушул куракта, балаңыз дагы деле болсо жаңы адамдарга же жаңы кырдаалдарга байланыштуу кандайдыр бир коркуу сезимин же тынчсыздануусун көрсөтүп жатса керек. Бирок ушул куракта балаңыз, сиздин жардамыңыз менен, сезимдерин башкаруу жолдорун издөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Балаңызга акырындап жаңы адамдар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн бериңиз. Алгач, балким, балаңызга ал кишилердин сүрөтүн көрсөтүп, алар жөнүндө сүйлөшүү жардам берет («Чоң энең эсиңдеби? Биз бүгүн кечирээк ага барабыз. ”) же“ Кийинчерээк сен экөөбүз доктурга барабыз. Мурдагыдай эле, ал сенин тиштериңди карап көрөт”(оозду ачып түр көрсөтүп). Эгер балаңыз тааныш эмес кырдаалда кыжалат болсо, анын сезимин түшүнүү менен, ага жардам бериңиз («Ооба, мен сенин коркуп жатканыңды билип турамын. Кел, менин тиземе отуруп, аюңду кучактачы. ”). Кырдаал бүткөндөн кийин, балаңыз менен жай баракат сүйлөшүңүз жана ага анын кырдаал менен кандайча күрөшкөндүгүн эсине салыңыз: «Сенин бир аз коркконуңду билем, бирок өзүңдү жакшы сезиш үчүн эмне кылганыңды эстейсиңби? (ошол нерсени атоо керек) ”.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Балаңыздын чоочун жерлерден жана адамдардан коркуусу анын өнүгүүсүндөгү маанилүү кадам экендигин унутпаңыз. Бул балаңыздын сизге канчалык жакын экендигин жана ал өзүн коопсуз сезген жагдайлар менен кооптуу сезген кырдаалдардын айырмасын билээрин көрсөтөт. Сиздин жардамыңыз менен, балаңыз "күрөшүү стратегияларын" - балаңыз өзүн-өзү жубата башташы мүмкүн болгон ыкмаларды иштеп чыгууда. Сиздин балаңыз өзүн жөндөмдүү адам катары көрө алат, бирок дагы деле сизге жана башкаларга көз каранды адам.