Жаныбар эмне дейт?

Сизге керектүү материалдар: Ар кандай жаныбарлардын сүрөттөрү тартылган китеп же китептер; журналдардан, жарнамалардан ж.б. алынган жаныбарлар чагылдырылган сүрөттөр; Эгер сизде үй жаныбарлары бар болсо же фермада же анын жанында жашасаңыз, анда чыныгы жаныбарлар.

Бирге эмне кылсаңыз болот: Балаңыз менен бирге жаныбарлардын ар кандай үндөрүн жасаганга аракет кылыңыз. Жаныбардын сүрөтүн же чыныгы жаныбарды карап, балаңыздан “Бул жаныбар (мисалы, мышык) эмне дейт?” деп сурасаңыз болот.  Алгач сиз үндү туураңыз, болбосо балаңыз анын үнүн билсе, ал туурап бериши мүмкүн. Ошондой эле кезектешип аткарсаңар болот: “Мен ___ үнүн туураймын. Эми сен ушул үндү жаса! ”.  Сүрөттөр балаңызга жаныбарды үн менен байланыштырууга жардам берет. Бир аз татаалдаштыруу үчүн, алгач жаныбардын үнүн чыгарып, андан кийин балаңызга бир эмес, бир нече жаныбардын сүрөттөрүн көрсөтүп: "Кайсы жаныбар ушундай үн чыгарат (мисалы, Муууу)?", деп сураңыз.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат:  Ал чыныгы нерселерди (жаныбарларды) алардын үндөрү менен байланыштыра баштайт.  Сиздин балаңыз ошондой эле нерселердин сүрөттөрү менен аларды билдирген чыныгы нерселердин (бул жерде, жаныбарлар менен жаныбарлардын сүрөттөрү) ортосунда байланыш түзүп турат.  Мунун бардыгы балаңыздын ой жүгүртүүсүн, тилин өркүндөтүүгө жана эрте сабаттуулукту өнүктүрүүгө таасир берет.