Жаныбарларды аныктоо

Сизге керектүү материалдар: Эч нерсе

Бирге эмне кылсаңыз болот: Балдар ар кандай жапайы жаратылышты - айыл жерин же жергиликтүү паркты, мисалы, арткы бакчаны байкаганга мүмкүнчүлүк бар жерге, ачык асман алдында жүрүңүз. Балдардан айланага көз чаптырууну сураңыз – силер кандай жаныбарларды жана курт-кумурскаларды көрө алдыңар? Аларды ар кандай багыттарга көпкө карап, байкоо жүргүзгөндөрүн  эске сактап жүрүүсүн өтүнүңүз. Топуракта жана чөптө жандыктар барбы? Бадалдын жалбырактарындачы? Бактардачы? Асмандачы? Алар ар кайсы аймактарды жана алардын жашаган жерлерин изилдеп, кызыктуу табылгаларын салыштырып көрө алышат.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат:  Тактоо иши балдардан сергек болууну, көңүлдү топтоону жана концентрациясын сактоону талап кылат. Жаныбарларды издеп айлана-чөйрөсүнө байкоо жүргүзүү менен, балдар айланадагы жаратылыш жөнүндө билишет. Мындан тышкары, алар көргөн ар кандай жапайы жаратылышты сүрөттөөдө, сөз байлыгын өстүрүүгө жана жаңы сөздөрдү үйрөнүүгө шыктанышат.