Жашырылган буюмдарды издөө

Сизге керектүү материалдар: Үйдөгү бала үчүн коопсуз жана жагымдуу болгон бир нече жумшак оюнчуктар же буюмдар.  

Бирге эмне кылсаңыз болот: Балаңызды көкүрөгүнө килемдин же башка жумшак жердин үстүнө жаткырыңыз. Балаңыздын жүзүн көрүп, анын коопсуздугун көзөмөлдөй турган абалда отуруңуз. Ымыркайдын бир (сол же оң) капталына бир нече оюнчуктарды анын колу жетпеген жерге, бирок ал көрүп тургандай кылып коюңуз. Аларды байкап калышын күтүп туруңуз же анын көңүлүн таң калган үн менен буруңуз ( "Аааа, бизде эмне бар мында ?!"). Буюмдардын бирине жетүү үчүн, балаңыздын оодарылылышын күтүңүз. Эгер ымыркай өз алдынча аракет кылбаса, анда буюмдарга жетиши үчүн, анын курсагынан аркасына оодарылышына жардам бериңиз. Аны шыктандыруучу  үн менен, кең жылмайып кубаттаңыз. Ал кызыкдар болбой калганда, башка жакка карап же нааразычылыгын билдиргенде - бул иш- аракетти толугу менен башка буюмдар аркылуу кайталаңыз.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат:  Сиздин ымыркай буюмдарды карап, колунан колуна жылдырып, тийип, оозуна салып изилдөөгө мүмкүнчүлүк алат.