Жип телефон

Сизге: кагаз стакан, жип же боо керек. 

Оюндун маңызы эмнеде: калемди же тигүүчү ийнени колдонуп, ар бир кагаз стакандын түбүн тешиңиз. Андан кийин жиптин учун (узундугу 10-15 м) ар бир стаканга өткөрүп, стакандан чыгып кетпеши үчүн эки учун түйүңүз. Жип телефону даяр!

Аны текшерүүгө убакыт келди! Эки бала ар бири бирден стакан алып, ортосундагы жип бекем болгондой кылып эки жакка тартып турушсун. Андан кийин бирөө өз стаканына сүйлөсүн, ал эми кинчиси стаканды кулагына алып келсин. Угулуп жатабы? Кезектешип сүйлөшсүн жана угушсун.

Балдарга иштөө принцибин түшүндүрүңүз: алар стаканга сүйлөгөндө, стакандын капталдары дирилдеп толкундарды пайда кылат. Бул термелүүлөр жип аркылуу башка стаканга өтөт, ал жерде кайрадан үн толкундарына айланат — ошондуктан балдар бири-бирин угушат!

Кызыктуу факт: Александр Грэм Белл аттуу адам биринчи телефонду 1876-жылы жасаган. Алардын телефонго айткан биринчи сөзү: “Ватсон, бул жерге келиңиз, сиз мага керексиз!” болгон.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул чыгармачыл иш-аракет — балдарга үн эмне экендигин түшүндүрүүнүн кызыктуу ыкмасы. Балдар үн толкундары түшүнүгүн өздөштүрүшөт жана эң жөнөкөй материалдар менен бири-бирин алыстан уга тургандай кылууга болорун билишет!