Жөн гана сүйлөшөбүз

Эмне керек: Көңүлдүү маанай!

Оюндун маңызы эмнеде: Бул жөнөкөй оюн аркылуу балаңызга сөз байлыгын кеңейтүүгө, баарлашуу жана тил көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам бериңиз.

Ал үчүн балаңызды колуңузга алып, бөлмөнү, үйдү же бакчаны кыдырыңыз. Ага жолдо же үйдө көргөн нерселериңиздин баарын айтып бериңиз. Эгер алдыңызда топ болсо: “Мына, бул топ. Топ менен ойносо болот!” же “Бул ит. Иттин аты Ак төш. Кандайсыӊ, Ак төш!” Балаңыздын жакшы эмоцияларын ойготуңуз.

Бул иш-аракеттерди күн сайын кайталасаңыз болот, эң негизгиси — бала кызыгышы керек. Көнүгүүнү бир нече мүнөт же баланын чарчаганын байкаганга чейин улантыңыз.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: Сөз байлыгын өнүктүрүү келечекте китеп окуудагы ийгилиги үчүн абдан маанилүү, ал эми ымыркайлар менен баарлашуу алардын сөз байлыгын, баарлашуусун, сүйлөө жана окуу көндүмдөрүн тезирээк өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.