Жүр, сейилдеп келели
Сизге керектүү материалдар: Эки жумшак жууркан.
Бирге эмне кылсаңыз болот: Эки жуурканды бири-биринин үстүнө, балаңыздын артына көбүрөөк таяныч жана жумшак болгондой кылып, коюңуз. Жууркандарды даяр кылып, наристеңизди чалкасынан жаткырыңыз. Иш-аракетти баштоо үчүн, алды жакта эч кандай тоскоолдуктар болбошу керек.
Жууркандын учтарынан кармап, наристеңизди бөлмөдө сүйрөй баштаңыз. Иш-аракет учурунда наристеңиз менен сүйлөшүп, андан: Бөлмөдө эмне көрүп жатасың? Шыпты карачы. Эмне болду? Оюнчуктарды көрүп жатасыңбы, алар кимдики? деген суроолорду берүү сунушталат. Наристеңиздин
тилин жана кыймыл-аракетин жандандырган башка суроолорду же билдирүүлөрдү ойлоп табыңыз.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Бул наристеңиз сүйлөй баштаганда анын өнүгүүсүнө жардам берет. Күчтү, тең салмактуулукту өрчүтүү үчүн жууркан ичинде тең салмактуулукту сактоого аракет кылууга, аны көбүрөөк кыймылдоого түрткү бериңиз.