Жүрүм-турум адаттары

Адат деген эмне? Адат – алдын ала ойлонулбаган, көбүнчө автоматтык түрдө кайталануучу жүрүм-турум. Балдардын мындай айрым жүрүм-туруму сизди кээде тынчсыздандырышы, кыжырлантышы же ачуулантышы мүмкүн, бирок аларга көбүнчө анча тынчсыздануунун кажети жок экенин билишиңиз керек. Балдардын көбүнчө көбүнчө бирөөнүн бетин же денесин сылаган, кармалаган же ушул сыяктуу кереги жок адаттары болот. Бала кээде эмне кылып жатканын билиши жана мындай аракет өзүнө жага турганын сезиши мүмкүн. Балдардын көп кездешүүчү айрым адаттары: баш бармакты же упчуну соруу, тырмактарды тиштөө же сындыруу, чачын колуна ороп тарткылоо, мурдун чукулоо, эриндерин же жаактын ички бетин тиштегилөө, калемдин учун, кийимдерди тиштеп, тиштерин кычыратуу.
Body

Адаттар кантип пайда болот?

  • Адаттар балага жагымдуу болуп, аны тынчтандырышы да мүмкүн. Мисалы, бир нерсени соруу адаты жаш балдарды жабыгуудан же тынчсыздануудан алаксытат.
  • Кээде балдар зериккенден эле бир нерсени адатка айлантып алат. Мындай адаттар кийинчерээк жөн эле кайталана баштайт. Мисалы, балдар эч нерсеге тынчсызданбаса деле телевизор көрүп жатканда же бош отурганда тырмактарын көбүрөөк тиштегилейт.
  • Кээде адаттар кайсы бир зарылдыктан улам жаралып, кийин эч кандай себеп жок болгондо деле сакталып калат. Мисалы, сасык тумоого чалдыкканда мурдун кармалай берген жаш балдар кийин оорубай калгандан кийин да бир нече убакытка чейин бул адатын кайталай беришет. Эгерде бала чимкиргенди үйрөнгөндөн кийин деле мурдун чукулай берсе, демек ага бул адат болуп калган.
  • Сиз балага үлгүсүз. Баланын кандайдыр бир адаты пайда болгонун байкасаңыз, алгач өзүңүздөн мен өзүм да ушинтип жүргөн жокмунбу деп сураңыз. Мисалы, тырмак тиштөө сыяктуу адаттар чоӊдордон “жугат”.

Кээ бир балдар, мисалы, бир нерсе кылганда термелип, башын чайкаган адатын көрсөтүшү мүмкүн. Көпчүлүк балдар беш жашка чейин бул адаттарын токтотушат.

Кээ бир иш-аракеттер алгач адат сыяктуу көрүнүшү мүмкүн, бирок ага кандайдыр бир медициналык себептер дагы түрткү болот. Мисалы, кулагын чоюп же тытып, кыжырдана баштаса, демек бала кулак инфекциясы менен ооруйт. Тиш чыгып жатканда деле кээде ушундай болот.

Адаттардан арылуу

Бул өңдүү иш-аракеттердин көбү өзүнөн өзү токтойт. Эгерде алар баланын күнүмдүк жашоосуна тоскоолдук жаратса же жаракатка алып келсе, анда кандайдыр бир чара көрүү керек.

Мисалы, бармакты соруу адаты кеңири таралган демейки эле көрүнүш. Бирок бала бармагын узак убакыт соруп, анын айынан сүйлөй албай, тамак жей албай кыйналса же курдаштарынын шылдыңына кабылса, анда бул адатты калтыруу амалын ойлонуу керек. Адегенде төмөнкү сунуштарды карап көрүңүз:

  • Балаңызга бул адаттан арылууга жардам бере турганыңызды айтып макулдашыңыз. Эмне үчүн ошентип жатканыңызды түшүндүрүңүз.
  • Кийинки жолу балаңыз бул аракетти кайталап жатканын көрсөңүз, ага мындай кылбоо керектигин жай түшүндүрүңүз. Өтүнүчүңүздү аткарган соң аны мактаңыз.
  • Эгерде бала эч нерсе кылбай бош отурганда бул адатын көп кайталаса, анын бир нерсе менен алектенүүсүнө шарт түзүңүз.

Эгерде сиздин аракетиңизге карабастан бул адаттар жоюлбаса, баланын күнүмдүк жашоосуна тоскоолдук келтирип же жаракатка алып келсе (мисалы, манжаларды соро берген адаты үч жылдан ашык созулса, ал тиштердин калыптанышына терс таасирин тийгизиши мүмкүн), анда адистерден кеӊеш сураӊыз. Мындай адатка тынчсыздансаӊыз, психологиялык жардам алууга туура келет.

Кээде бул адат нервдик тартылуу менен коштолот. Бул такыр башка себептерден улам пайда болгон, эрксиз, кайталануучу жана капыстан жасалган кыймылдар. Көбүнчө нервдик тартылуу жөнөкөй кыймылдар (көздү тез-тез ирмей берүү, мурунду тарта берүү) менен коштолот да, тез эле калып кетет. Эгерде мындай көрүнүштөр узак убакытка созулуп, ачык байкалса же татаалыраак мүнөздө болсо, анда педиатрга кайрылуу зарыл.