Жуунган учурдагы оюндар
Сизге: ванна үчүн оюнчуктар же бир нече пластик стакан же табак керек.
Оюндун маңызы эмнеде: жуунтуу убактысын ой жүгүртүүнү жана когнитивдик өнүгүүнү стимулдаштыруу үчүн колдонуңуз. Бир нече пластик стакандарды алып, балаңыз менен сууда кандай жүрөрүн өздөштүрүңүз. Стаканга суу толтуруңуз жана толгон кезде балаңызга чөгүп баратканын көрсөтүңүз. Стаканды көтөрүп, эңкейткенде суу кандайча төгүлөрүн көрсөтүңүз.
Муну жасаганда эмне болорун сүрөттөп бериңиз: “Карачы! Чөгүп бара жатат! Суунун астына!”. Сиздин жардамыңыз менен жуунуу убактысы абдан кызыктуу болгонунан тышкары окуу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болот. Балаңызга ар кандай кыймыл-аракеттерди көрсөтүңүз, жаңы нерсени байкап жатканда аны мактаңыз. Жуунуу убактысы балаңызга ар кандай эмоцияларды — жуунуу убактысы бүткөндүгүн түшүнгөндө толкунданууну, кызыгууну же кайгырууну көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Балаңыздын ар кандай эмоцияларды билдирүү жөндөмүнө көңүл буруңуз жана буга кубаныңыз.
Баланын өнүгүүсүн стимулдаштыруучу материалдар менен ар кандай оюндарды жуунуу учурунда же күндүз — кум же кургак күрүч/ар кандай дан менен уюштурса болот. Эң негизгиси булардын бардыгын оозуна салбашын байкаңыз.
Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул оюн менен балаңыз нерселердин жана процесстердин өз ара байланышын акырындык менен өздөштүрүп, себеп-натыйжалык байланыштарын, түшүнүктү жана логиканы өнүктүрөт. Бул иш-аракет балаңыздын моторикасын өрчүтүүгө да жардам берет.