Ата үчүн өзгөчө убакыт: аны кантип ишке ашыруу керек
Аталар үчүн балдары менен сапаттуу убакыт өткөрүү
Балдарыңыз менен сапаттуу баарлашуу качан , сиз аларга жөн эле кам көрүү менен эле чектелбей, андан дагы көбүрөөк нерсе кылуу эсептелет. Бирок,өзүңүзгө жана өнөктөшүңүзгө узак жумуш убактыңыздан убакыт табуу кыйын экенин тынымсыз айтып жатсаңыз, мындай учурду табуу кыйын болсо керек.
Бул жерде "аталар убактысын" өзгөчө кылуу үчүн бир нече жөнөкөй сунуштар бар:
- Балдарыңыз менен сүйлөшүңүз. Аларга окуяларды жана тамашаларды айтып бериңиз. Чоңдордун сөздөрүн угуу ымыркайларга жана кичинекей балдарга сиздин айтканыңызды түшүнбөсө да үйрөнүүгө жардам берет. Ошондой эле эмоционалдык жактан жакындатат.
- Балдарыңыз менен чогуу окуңуз. Балдарыңыз менен үн чыгарып окуу - чогуу убакыт өткөрүүнүн эң сонун жолу. Андан дагы, окуу жана окуяларды,жомокторду айтып берүү тилдин өнүгүсүнө таасирин тийгизет, сабаттуулукту жана мээни өнүктүрүүгө жардам берет.
- Нерселерди түшүндүрүңүз. Байкап же эстеп калууга керектүү болгон нерселерди көрсөтүңүз - мисалы, курулушта казуучу, же короонун артындагы куш. Балаңыз суроо берсе, алар кантип иштээрин түшүндүрүңүз.
- Эмне үчүн сүйлөшүү маанилүү. Балдарыңызга өзгөчө көңүл бурулган учурлар чынында алтынга тете. Эгерде сиз эмне кылып жатканыңызды токтотуп, балаңызга толук көңүл бурсаңыз, анда анын өнүгүүсүнө жана өзүн-өзү сыйлоосуна чоң түрткү бересиз.
- Жакшы үлгү болуңуз. Балаңыз сиз менен болгон мамилеси аркылуу башкалар менен кантип мамиле түзүүнү үйрөнөт. Ар бир ата -эне кээде "жок" жана "кереги жок" деп айтууга туура келет, бирок эгер сиз каалаган жүрүм -турумду так билсеңиз, бул "үйрөнүү учурлары" болушу мүмкүн. Балаңар менен кызматташканда аны мактап, сылыктыкка үлгү болгула. Бул ага тууроонун күчтүү мисал боло алат.
- Окутуунун кызыктуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүңүз. Эгер кылдаттык менен карасаңыз, анда оюңузду балаңыздын мүмкүнчүлүгүнө жараша кантип сактап калуу керектигин түшүнөсүз - өтө татаал да эмес, өтө жеңил да эмес. Мисалы, сиз пазылдын бир бөлүкчөсүн кайда коюу керектигин көрсөтсөңүз болот, бирок жөн эле ал үчүн аткаруунун кереги жок.
- Мүмкүн болгондо тандоону сунуштаңыз. Мисалы, "Футболкаңды кий" деп айтуунун ордуна, "Кызыл футболканы кийгиң келеби же жашылдыбы?" Тандоо - инструкциянын жакшы альтернативасы. Бул көз карандысыздыкты калыптандырууга жана жоопкерчиликти күчөтүүгө жардам берет жана балаңыз чечим кабыл алууну көзөмөлдөй алаарын сезет.
- Бир нерсени окуп же түшүндүрүп жатканда тамашакөйлүгүңүздү пайдаланыңыз. Ойноок тамашалаңыз. Тамашакөйлүк жана ойнооктук балдар чоңойгон сайын алардын бакубатчылыгына таасирин тийгизет.
Өз ара аракеттенүүлөр болуш үчүн, атайын даярдыктын кереги жоктугу жакшы жаңылык. Балким, сиз буга чейин көп жакшы нерселерди жасап жатасыз. Балдарыңыз менен болгон ар бир мүнөт сапаттуу боло бербейт, бирок сонун өз ара аракеттенишүү кандай болоорун билүү сизге алардын көбүрөөк түзүүгө жардам берет.
Аталардын жылуулугу жана физикалык мээрими, балдардын өзүн өзү сыйлоо сезими жогору болуу менен социалдык жана эмоционалдык көйгөйлөрдүн аз болушу менен байланыштуу.
Катуу оюндарды ойноо
Тордо ойноо балдар үчүн да, чоңдор үчүн да кызыктуу болушу мүмкүн жана бул аталардын адистиги болушу ыктымал.
«Катуу оюндарды» ойноо балдарга физикалык көнүгүү жасоого мүмкүнчүлүк берүү менен бирге, аларга өзүлөрүнүн физикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана чектерин коопсуз текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул балдарга агрессивдүү болбостон күчтүү болууну үйрөнүүгө жардам берет. Жана алар аталары менен «катуу оюндарды» ойноп жатышканда, балдар ачуулануу жана толкундануу сыяктуу сезимдерди башкарууну, ошондой эле жеңүү каалоосун үйрөнө алышат. Оюндун бул түрү балаңызга "чынчылдык" сыяктуу маанилүү социалдык сабактарды алууга жардам берет.
Бул жерде балаңыз менен татаал оюндарды ойноодон максималдуу пайдал алуунун бир нече кеңештери бар:
- Оюнга акылдуулук менен убакыт бөлүңүз. Атасы менен ойногон балдар ушунчалык толкунданышат, алар уктаар алдында, тамактануу же кийинүү үчүн бир аз тынчтанууга убакыт керек. «Катуу оюндардан» кийин эс алууга убакыт табыңыз.
- Бир нече негизги эрежелерди коюңуз. Мисалы, кимдир бирөө жетиштүү болгонун же жабыркаганын айтканда, тыныгууга убакыт келди десе.
- Кайсы бир капилеттен чаап жиберүү же кагылышуу болгондо, аларды тынчтандырып, кокустук экенин балаңыз түшүнгөндүгүнө ишенгениңизден жана анын көз жашы басылгандан кийин оюнду кайра баштаңыз.
- Балдарыңызды "утулуп баратканда" аракетин улантуусун кубаттаңыз.
- Эсиңизде болсун – сиз эң күчтүү жана эң чоң оюнчу, башка оюнчу жок дегенде кээде "утуп" алышы үчүн, өзүңүздү басып калууга же кармап алууга мүмкүндүк беришиңиз керек!