Бала менен кантип китеп окуу керек?

Наристе төрөлгөндөн баштап эле аны менен бирге китеп окусаңыз болот. Төмөндө жаш курагына карабастан балаңыз менен кантип окуу керектиги боюнча кеңештер берилген: китепти, окуу үчүн убакытты жана жайды бала тандайт. Андыктан балага үйдөгү жеткиликтүү китептер анын кызыгуусуна, жөндөмүнө ылайык болушу керек. Алардын көлөмү бала колуна кармап, колдон колго өткөрүп, оодара, барактай алгыдай, ылайыктуу сүрөттөрү бар болушу зарыл. Формасы баланын көңүлүн бургудай өзгөчө же ачык түстө болушу абзел. китепти балага жакын кармап, бет маӊдай отуруу керек. Бул баланын китепти карашына, ал эми ата-эненин балага, анын жүрүм-турумуна, мимикасына, кыймыл-аракетине, үнүнө (же сүйлөөсүнө) байкоо жүргүзүшүнө мүмкүндүк берет; китеп окуу сөздөр же каармандар аркылуу оюн ойноого чакыруу да болуп саналат. Сиз мимикаңызды, сүйлөө ылдамдыгыңызды жана үнүңүздү өзгөртүү менен баланын көңүлүн бура аласыз. Бала көргөн нерселердин баарын айтыңыз, бирок жалпы, ким, эмне, кантип, кайда, эмне үчүн? дегендей ачык суроолорду бериңиз; китеп окуу – бул бала менен сүйлөшүү. Андыктан балаңыздын бир нерсе айтуусуна мүмкүнчүлүк бериңиз. Суроо бергенде баланын жообун күтүңүз. Бул учурда баланын жүзүн байкаңыз, кызыгуу менен караңыз. Бала жооп берип, андан аркы катышууга даяр экенин билдиргенде — анын эмнени ойлоп жатканын, эмнени үйрөнөрүн, айтып жатканын, сураганын билүү үчүн жактырганынызды, кубанганынызды, кызыгып калганыӊызды көрсөтүңүз; китеп окуу — бул бала менен байланышуу мүмкүнчүлүгү. Ошондуктан назик үн менен сүйлөшүүгө аракет кылыңыз, балаңыз менен биргеликте жасап жаткан ишке чын ыкластан кызыгарыӊызды көрсөтүңүз. Балаңызга жылмайып, кубанганыӊызды, аны жакшы көрөөрүңүздү, колдооңузду жана баалай турганыңызды билдириңиз. Сүрөттөрдү карап, талкуулап, рецепттерди, соода этикеткаларын, саякат учурунда жол боюндагы белгилерди, жомокторду ж.б. – айтор, сиз балаңыз менен каалаган убакта, каалаган жерде бардык нерсени окуй берсеӊиз болот.
Body

Бала менен күн сайын китеп окуңуз!