Балага китеп окуп берүү жана бала менен окуу

Жомоктор менен аңгемелерди окуп берүү бала өзү менен болгон нерселерди түшүнүүгө же талдоого, каармандардын жүрүм-турумун, ошондой эле бул жүрүм-турумдун себептерин жана кесепеттерин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Аңгемелер баланын ой жүгүртүүсүнө жана логикалык байланыштарды түзүшүнө, сүйлөшүүсүнө, ырааттуу кебин, элестетүүсүн өнүктүрүшүнө, жомоктун жүрүшүн же аягын өзгөртүшүнө ж.б. мүмкүнчүлүк берет. Кичинекей балдарга китеп окуп берүү дегенде, көбүнчө жатар алдында китеп окуу адаты тууралуу сөз болот. Чоң киши китепти алып, үн чыгарып окуйт. Баланы тынчтандырууга багытталган бул процесске ал өзү катышпашы да мүмкүн. Мында ата-эненин жагымдуу үнү, жакындыгы, назиктиги бала менен тыгыз мамиледе болууга сөзсүз салым кошот.
Body

Бала менен китеп окуу башка маселе

Бул үчүн баланын сергек болушу, активдүү катышуусу, китеп окууну  өзү өтүнүшү жана иштин жүрүшүн тескегенге даяр болушу талап кылынат.

Бала менен китеп окууну өзү бул ишти тандап, даяр болгон учурда уюштуруу керек. Бала китепти өзү тандаганы оӊ жана ар кандай оюндардагыдай эле, балага китеп окууну өзү жетектөө мүмкүнчүлүгүн берүү зарыл. Баланын катышуусун баалоо, таануу жана кубаттоо, кызыгуусун арттыруу, көңүлүн буруу, сөз жана сүрөттөр менен ойноо аркылуу изилдөө жана үйрөнүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берүүнү эстен чыгарбаңыз.

Сиз балаңыз менен каалаган убакта, каалаган жерде китеп окуй аласыз

Жөө сейилдегенде же дарыгерге барганда китеп ала жүрүӊүз. Балага ымыркай кезинен эле китептерди көрүп, алыш үчүн көрүнөө, ар бир бөлмөдө колу жеткидей жерге коюңуз. Күн сайын 15 мүнөт чогуу окусаӊыз, балаңыздын көнүгүп, чыгармачылык жактан өнүгүүсү үчүн, “тили чыгышына” зарыл шарт түзөсүз!