Балдарда тилдин өнүгүшү: 0-8 жаш

Балдардын тилинин өнүгүшү укмуштуудай жана бул көптөгөн ата -энелер чыдамсыздык менен күткөн өнүгүү. Балдарга тил үйрөнүүгө жардам берүүнүн сыры өтө жөнөкөй: чогуу сүйлөшүү жана угуу.
Body

Балдарда тилди өнүктүрүү: эмнени билишиңиз керек

Тилди өнүктүрүү баланын өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү.

Тилди өнүктүрүү балаңыздын баарлашуу, ошондой эле сезимдерин билдирүү жана түшүнүү жөндөмүн колдойт. Ал ой жүгүртүүнү жана көйгөйлөрдү чечүүнү, ошондой эле айланадагылар менен мамилени өнүктүрүүнү жана сактоону колдойт. Түшүнүү, сүйлөө жөндөмүн колдонуу жана баарлашуудан ырахат алууга үйрөнүү — сабаттуулукка карай маанилүү биринчи кадам жана окуганды жана жазганды үйрөнүүнүн негизи.

Алгачкы 12 айда ымыркайларда сүйлөө жана тилди өнүктүрүүнүн негиздери калыптанат. Жана алар жашоосунун алгачкы үч жылында таң калыштуу ылдамдык менен тил көндүмдөрүн өнүктүрүүнү улантышат.

Балдарда тилдин эрте өнүгүшүн кантип стимулдаштырса болот

Балаңыздын сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүүнүн мыкты ыкмасы — аны кызыктырган нерселер жөнүндө көп сүйлөшүү. Мунун баары балаңыздын колун шилтеп, көрсөтүп, кобурап же сөздөрдү колдонуп, аны кызыктырган нерсени көрсөтүп жатканда, анын жолун жолдоо.

Балаңыз менен сүйлөшүү

Алгачкы 12 айдан баштап балаңыз менен сүйлөшүп, ага сүйлөөчүдөй мамиле кылыңыз. Сиз сүйлөп бүткөндөн кийин, ал жооп беришин күтүңүз. Ал эми балаңыз былдырап баштаганда, анын былдыраганын кайталаңыз. Балаңыз сизге дагы бир нерсе былдырап жатканын көрөсүз. Бул маектешүүнү колдойт жана ырахат тартуулайт.

Балаңызга жооп берүү

Балаңыз чоңоюп, жаңсоолорду колдоно баштаганда сиз баланын баарлашуу аракетине жооп бере аласыз. Мисалы, балаңыз башын чайкаса, балаңыз “Жок” дегендей жооп бериңиз. Эгер балаңыз оюнчукту көрсөтсө, “Мен муну алсам болобу?” же “Мага бул жагат” деп жаткандай жооп бериңиз.

Балаңыз сөздөрдү колдоно баштаганда сиз балаңыздын айткандарын кайталап, өнүктүрө аласыз. Мисалы, балаңыз: “Алма” десе, сиз: “Кызыл алма каалайсыңбы?” деп айтыңыз.

Балаңыз менен баарлашканда жана анын кыймыл-аракеттерине жооп бергенде, бул балаңыздын баарлашуусуна түрткү берет. Балаңыз сөз айтканга чейин эле канчалык көп нерсени айтканына таң каласыз.

Күнүмдүк сүйлөшүү

Күнүмдүк жашооңузда эмне болуп жатканын чогуу талкуулоо - балаңыз уккан сөздөрдүн санын көбөйтүүнүн эң сонун ыкмасы. Балаңыз үчүн мааниси бар нерселер жөнүндө айтсаңыз болот, мисалы, силер көргөн же чогуу жасаган нерселер – маңызы ар кандай сөздөрдү жана ар кандай контексттерди колдонууда. Мисалы, балаңыз менен алма дарагы жана түшкү тамакка алманы кантип кесүү керектиги жөнүндө сүйлөшсөңүз болот. Бул балаңызга курчап турган дүйнөдөгү сөздөрдүн маанисин жана функциясын билүүгө жардам берет.

Балаңыз дароо түшүнбөсө эч кандай мааниге ээ эмес, анткени балаңыздын түшүнүүсү өскөн сайын өнүгөт.

Балаңыз окуяларды айта баштагандан баштап, аны өткөн убак жана келечек жөнүндө сүйлөшүүгө үндөңүз. Мисалы, күндүн аягында чогуу сатып алуулар тизмесин түзүп же чоң энесиникине эмне алып барууну чечүү менен эртеси күнгө пландарды түзүүгө болот. Же сейилдөөдөн кийин үйгө келгенде бул жөнүндө сүйлөшсөңөр болот.

Балаңыз менен китеп окуу

Китеп окугула, чоңойгон сайын татаалыраак китептерди окугула. Окуу балаңызга ар кандай контексттеги сөздөрдү угууга мүмкүндүк берет, бул сөздөрдүн маанисин жана функциясын өздөштүрүүгө жардам берет.

Китепте жазылгандарды балаңыздын жашоосунда болуп жаткан окуялар менен байланыштыруу - балаңыз менен сүйлөшүүнүн жакшы ыкмасы. Ошондой эле, балаңыз менен чогуу окуган китептердеги кызыктуу сүрөттөр жөнүндө сүйлөшүп, баарлашууга түрткү берсеңиз болот.

Балаңыз менен үн чыгарып окуу учурунда сөздөрдү сүйлөп жатканда аларды көрсөтсөңүз болот. Бул сиздин балаңызга жазуу жана оозеки сөздөрдүн ортосундагы байланышты көрсөтүп, балаңызга сөздөр сүйлөө речинин өзүнчө бөлүктөрү экендигин билүүгө жардам берет. Бул кичинекей баланын сабаттуулугун өнүктүрүү үчүн маанилүү.

Үйдүн жанындагы китепкана - жаңы китептердин эң сонун булагы.

Эгерде үй-бүлөңүз эки тилде сүйлөсө, анда сиз балаңыздын эки тилде - мисалы, кыргыз жана орус тилдеринде сүйлөөсүн өнүктүрүүнү кубаттасаңыз болот. Эки тилдүү балдар бир тилде сүйлөгөн балдардай эле тилди өнүктүрүүгө жетише алышат.

Тилди өнүктүрүү: биринчи сегиз жыл

Бул жерде балаңыз үч айдан сегиз жашка чейинки мезгилде тилди өнүктүрүүдө жетише ала турган маанилүү нерселердин айрымдары гана.

3-12 ай

Жашоонун биринчи жылы баланын сүйлөө жөндөмүнүн өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү, анткени мээнин сүйлөө үчүн жооп берген бөлүктөрүнүн активдүү жетилиши жүрөт. Биринчи жыл - бул сүйлөө жөндөмүнүн андан ары калыптанышына негиз болгон сүйлөөгө чейинки мезгил. Аны шарттуу түрдө төмөнкү этаптарга бөлүүгө болот:

биринчи (0 – 3 ай) - эмоционалдык-даана жоопторду өнүктүрүү. Кыйкыруу - биринчи үн чыгаруу реакциясы. Дени сак баланын кыйкыруусу - катуу жана узакка созулат. Жашоонун 2-3 айында кыйкыруудагы интонациялар ар түрдүү болот. Алсак, мисалы, ачка болгон баланын кыйкырыгы катуу жана туруктуу, ал эми ыңгайсыздыктагы кыйкыруу солгун жана даана эмес. “Жандануу комплекси” пайда болот – жылмаюу, жалпы башаламан кыймылдар, үндөр, чоң адамды кароо түрүндө чоң адам менен сүйлөгөнгө чейинки баарлашуунун эң жөнөкөй формасы.

экинчи (3-6 ай) - үн реакцияларынын пайда болуу мезгили (күңгүрөө жана былдыроо). Үчүнчү айда же бир аз эрте күңгүрөө пайда болот. Күңгүрөө – узун, катуу эмес ырдаган сыяктуу үндөр: “а-а-а-а”, “гу-у-у”, “а-бм”, “бу” ж.б. Бул үндөр же айтылышы оңой же соруу жана жутуу актылары менен байланыштуу. Күңгүрөгөн мезгилде кубанычтын интонациясы пайда болот. Кичинекейге жакшы болгондо күңгүрөнөт: ал жетиштүү уктады, асты кургак жана курсагы ток. 4 айда үн айкалыштары татаалдашат жана жаңылары пайда болот: “гн-агн”, “рн”, “кхн” ж.б. Баланын нормалдуу өнүгүүсүндө 4-5-айда күңгүрөнүү былдыроого өтөт. Былдыроо -муундардын айкалышын чыгаруу, башкалардын сөзүн тууроо. Былдыраган үндөрдү топтоонун эң интенсивдүү процесси алтынчы айдан кийин болот.

үчүнчү (6-10 ай) - сүйлөө речин түшүнүүнүн өнүгүүсүнүн башталышы, активдүү былдыроо. 7 айдан 8 айга чейин жана 1 жашка чейин жаңы үндөр аз болот. Бала ритмикалык түрдө “тя-тя-тя...”, “гы-гы-гы...” жана башка былдыраган чынжырларды катары менен көп жолу кайталайт, айтуу чеберчилигин өркүндөтөт, ошол эле учурда өзүн угат. Ошентип, акырындык менен сан сапатка өтөт. Ымыркай белгилүү бир адамдар, буюмдар, иш-аракеттер менен байланыштырган былдырак сөздөр пайда болот. “Би-би” – унааны көрсөтөт, “топ” – басат, “а-па” – апасына кайрылат ж. б.

Чоңдор менен баарлашуу процессинде кичинекей бала сөздүн интонациясын, темпин, ритмин туураганга, сөздүн жалпы контурун сактоого аракет кылат.

Бул мезгилде айланадагылардын сөзүн түшүнүү калыптанат. 7–8-айда балдар тийиштүү жаңсоолор жана мимика менен коштолгон сөздөрдү жана сөз айкаштарына реакция кыла баштайт. Бала “Атаң кайда? Баба?” деген суроого жооп катары башын бурат. Өз ысымына реакция кылат. Үй буюмдарынын (саат, керебет...) кадимки жайгашкан жерин билет, эгерде алар мурда көрсөтүлүп, аталган болсо. Башкача айтканда, сөздүн тыбыштык образынын буюм менен болгон катышы өнүгө баштайт.

төртүнчү (10 ай – 1 жаш) - биринчи сөздөр пайда болгон убак. Биринчи сөздөр – сүйлөм-сөздөр пайда болот. Бир эле сөз сезимдерди, каалоолорду, буюмдарды билдириши мүмкүн. “Апа” - бул кайрылуу, өтүнүч жана даттануу. Биринчи сөздөр жупташкан бирдей (көп учурда) жана бирдей эмес муундардан турат: “а-та", “ди-ди”, “би-ка” жана башкалар. Ошол эле учурда бир муун бийиктиги жана узундугу менен белгиленет. Ошентип басым жасоо калыптанат. Бул курактагы сүйлөө активдүүлүгү кырдаалдык жана чоңдордун баарлашууга эмоционалдык катышуусунан көз каранды. 1 жашында дени сак бала “кис-кис”, “му”, “ням-ням” сыяктуу 8-10 сөздү билет.

12 айдан 3 жашка чейин

1 жаштан 3 жашка чейин (мектепке чейинки, кичинекей курак) активдүү сүйлөө речи калыптанат, анткени бала баса баштайт. Кыймылдоо жөндөмүнүн пайда болушу менен курчап турган дүйнө жөнүндө түшүнүктөр тез кеңейип, сүйлөө жөндөмү интенсивдүү өнүгөт: бала эмне кандай аталат деп сурайт. Сүйлөөдө тыбыштын бурмаланышы байкалат, басымдуу жана баштапкы муундар колдонулат, татаал тыбыштар түшүп калат, муундар алмашат.

Жашоонун экинчи жылынын аягында элементардык фразалык сүйлөө калыптанат. Чоңдор менен баарлашууда кичинекей бала 2-3 сөздү бириктирет, мисалы, “бечи” (берчи), “ата ти” (ата кетти) ж.б. Акырындык менен грамматикалык категориялар (саны, жынысы, жөндөмө...) калыптанат.

3 жашта бала эң жөнөкөй грамматикалык конструкцияларды өз алдынча колдонот. Чоңдор же курдаштары менен баарлашууда балдар жөнөкөй сүйлөмдөрдү колдонушат.

3 жашка чыкканда сөз жасоого муктаждык пайда болот. Бала өз сөздөрүн ойлоп табат, бирок ошол эле учурда эне тилинин мыйзамдарын колдонот: “колап” - колкап, б.а. кичинекей бала тилдин негизги мыйзам ченемдүүлүктөрүн өздөштүрөт.

3-5 жаш

Эми сиз узак, абстракттуу жана татаал сүйлөшүүлөрдү күтө аласыз. Мисалы, балаңыз мындай деп айтышы мүмкүн: “Мен дарбыздын данегин жутуп алганым үчүн дарбыз болуп чоңоем?”

Балаңыз ошондой эле ар кандай темада сүйлөшкүсү келет жана сөз байлыгы өсөт. Балаңыз “анткени”, “эгер”, “ушундай” же “качан” деген сыяктуу сөздөрдү камтыган татаал сүйлөмдөр менен эксперимент жүргүзүп, негизги грамматиканы түшүнгөндүгүн көрсөтө алат. Сизди да кызыктуу окуялар күтүп турат.

5-8 жаш

Мектепке чейинки жана мектепте алгачкы окуу жылдарында балаңыз көбүрөөк сөздөрдү үйрөнүп, тилдеги тыбыштардын кантип чогуу колдонуларын түшүнө баштайт. Балаңыз ошондой эле окуяларды жакшы айтып бере баштайт, анткени ал сөздөрдү башкача бириктирүүгө жана ар кандай сүйлөмдөрдү түзүүгө үйрөнөт. Бул көндүмдөр балаңызга идеялар жана пикирлер менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Сегиз жашка чыкканда балаңыз чоң адамдардай сүйлөй алат.

Балдар ар кандай ылдамдыкта өсүшөт жана өнүгүшөт жана “нормалдуу” өнүгүүнүн чоң диапазону бар. Бирок сиз балаңызды эң жакшы билесиз. Эгер балаңыздын тилинин өнүгүшүнө байланыштуу кандайдыр бир кооптонуу бар болсо, дарыгериңиз, медайым же башка медициналык адис менен сүйлөшүңүз же логопедге кайрылыңыз.