Балдардагы кеңири кездешкен жүрүм-турум: ыйлоо

Баланын ыйы ал чоңойгон сайын өзгөрөт. Орто эсеп менен ымыркайлар күнүнө үч саатка чейин, ар бир онунчу наристе андан да көп ыйлайт. Балдар 6-8 жумалык кезинде эң көп ыйлашат, бирок чоңойгон сайын ыйы азаят. Алты айга чейинки наристелер көбүнчө түштөн кийин жана кечке жуук катуу ыйлашат. Наристелер беш айлыгында анча ыйлабай калат. Кичине торолуп калганда күндүзү, негизинен сизге бир нерсе айткысы келгенде ыйлайт.
Body

Бала ыйлаганда эмне кылуу керек? Биринчи кезекте, ал ачкабы, чарчаганбы же ага ыңгайсыздык жараткан нерсе барбы деп текшерип көрүү зарыл. Көбүнчө жөн гана тамактандыруу, төшөгүнө жаткыруу же жалаякты алмаштыруу гана керек болот. Төмөндө жасап көрүү керек болгон бир нече вариант:

  • Баланы акырын терметиңиз. Колуӊузга алып, ийкемдүү, жумшак термелтсеӊиз, бала тез эле сооронуп калат.
  • Балаңыз менен сейилдөөгө чыгыңыз (эгерде өтө чарчабасаңыз).
  • Балаңызды жуунтуңуз же акырын укалаңыз. Денесин кармалоо жана укалоо балаңыз менен болгон байланышты жакшыртат. Дарыгерден баланы кантип коопсуз укалоонун жолдорун сураңыз.
  • Балаңыз менен акырын сүйлөшүңүз, ырдаңыз же аны терметип, кучактаганда жай музыканы коюңуз. Кээде чач кургаткыч же чаң соргуч сыяктуу шаймандардын дабышы да баланы тынчтандырат.
  • Тынчын алуучу нерселердин таасирин азайтып, мисалы, жарыкты өчүрүп, баланы сооротуңуз.

Бала ыйлаганда, ата-энеси абдан тынчсызданып, коркуп, ачууланып же стресске дуушар болушу мүмкүн. Сейилдөө, китеп окуу, спорттук көнүгүүлөрдү жасоо же ваннага түшүү үчүн убакыт табууга аракет кылыңыз. Эгерде бала ыйлап жатканда чыдабай калганыӊызды сезсеңиз, баланы коопсуз жерге коюп, бөлмөдөн бир азга чыга туруңуз. Эч качан баланы силкилдетпеңиз – мээсине зыян келтиришиңиз мүмкүн.

Жакындарыңыздан жардам сурап, абалыӊызды ачык айтыңыз. Колуңуздан келгендин баарын жасап, бала акыры ыйлабай каларын ойлоӊуз. Ымыркайлар узагыраак ыйласа, көпчүлүк ата-энелер чаалыгып, кыжырдана баштайт. Мындайда эмне кылуу керектигин билбесеӊиз, тынчыңызды алып жаткан нерсе жана өзүӊүздүн абалыӊыз жөнүндө айтып,  башкалардан кеңеш сураӊыз.