Эмне үчүн бала багууда ата-эненин ынтымагы маанилүү?

Апасынын курсагындагы кезинен наристенин эле ата-энеси бири-биринин көӊүлүн көтөрүп, перзентинин ай-күнү жетип, дени сак төрөлүшүнө, аны багып-өстүрүүгө чогуу камдана башташы керек.
Body

Үй-бүлө жайлуу болуш үчүн ата-эненин ынтымагы бекем болушу маанилүү. Ал төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

  • үй тиричилигин биргеликте жүргүзүү, бала багуудагы жаңы шарт-жагдайга байланышкан өзгөрүүлөр;
  • ата-энелердин жана балдардын психикалык жана эмоционалдык ден соолугуна кам көрүү.

Бири-бирин жакшы көрүп, түшүнгөн ата-эне балдарга күн сайын чогуу кам көрүп, кимиси эмне кыларын туура түшүнүп, үй жумуштарын ойдогудай бөлүштүрүүгө аракеттенишет.

Мындай ата-энелер өз сезимдерин, перзенттүү болгондогу жаңы ролдорун жана балага кантип кам көрүү жөнүндө бири-бирине айтып турушат. Бул учурда алар ата жана эне болуу абалында бири-бирине эмоционалдык жактан жардам беришет, өздөрүнүн психикалык жана эмоционалдык саламаттыгын сактап, баланын торолушу үчүн жайлуу шарт түзүшөт.

Ата-эненин биримдиги – бул балага кам көрүп, перзент менен болгон мамилени жана ата-энелик тажрыйбаны калыптандырууда тыгыз жана интенсивдүү колдоо.

Ата-эненин экөө тең бала багууга тийиш

Ата-энелердин бекем ынтымагы баланын өнүгүүсү үчүн экөө тең жакшы мамиледе болуу зарылдыгын түшүнөрүн билдирет. Экөө тең өз баласына жетиштүү кам көрүп, мээримдүү, күйүмдүү ата-эне болуу үчүн экөө тең перзентин жакшы билиши, ойдогудай мамиле түзүшү үчүн убакыт керектигин түшүнүшү зарыл. Андыктан, мээримдүү, камкор үй-бүлөдө ата да, эне да балага кам көрүп, аны менен баарлашуу үчүн убакыт табышы, бирдей мүмкүнчүлүгү болушу керек.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, ата-энелердин биримдиги бала төрөлгөндөн кийинки мамиленин өзгөрүүсүн туура кабылдоого, никени бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Ынтымакты бекемдөө жалпы милдет экенин эстен чыгарбоо керек. Муну ишке ашырууда сиз көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушуңуз мүмкүн:

  • сиздин туугандарыңыз же жакындарыӊыз үй-бүлөдө баланы апасы эле карашы керек деп эсептеп, сизди да ушундай “эрежеге” көндүрүүгө аракет кылышы мүмкүн. Чынында мындай мамиле ата-эненин экөөнө тең катуу таасир этет. Мындай жаңылыш көз карашты илим да четке кагат – ата менен эне экөө тең балага бирдей жакшы кам көрө алат;
  • эне балдарга кам көрүү боюнча күнүмдүк эрежелердин баарын эстеп, колдоно билиши керек, баланы багып өстүрүү жолдорун биринчи кезекте энелер билет деген көпчүлүктүн ою менен чектелип калышыӊыз мүмкүн;
  • кээде жарнаманын, үй-бүлөлүк жаңылыш көз караштын, адистердин сөзүнүн таасири менен жубайлар адашып, бала багуу жана үйдөгү түйшүктөр - аялдын милдети, ата болсо анча-мынча жардам берип турса эле болот деп ойлошот. Атасы сыртта иштеп, апасы үйдө болушу керек ж.б.у.с. деген түшүнүктөр сизге дагы жөндүүдөй сезилиши мүмкүн. Түгөйлөр бири-биринин сезимдерин, муктаждыктарын эске алуу менен үй-бүлөнүн жүгүн чогуу тартышы зарыл.