Балдарды милдеттүү түрдө иммундаштыруу

Иммундаштыруу – бул эмдөө менен бөгөт коюла турган жугуштуу оорулардан коргой турган ишенимдүү жана натыйжалуу чара. Кээ бир өлкөлөрдө оор жана кооптуу жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу үчүн бир катар милдеттүү вакциналар аркылуу эмдөө киргизүүнү камтыган иммундаштыруу программасы бар.
Body

Иммундаштыруу  - бул адамдарды жугуштуу оорулардан коргоо үчүн вакциналарды (активдүү иммундаштыруу) же спецификалуу антителолорду камтыган иммунобиологиялык препараттарды куюу (пассивдүү иммундаштыруу) аркылуу алдын алуу чарасы.

  • Адатта балдарды пландуу иммундаштыруу жазуу жүзүндөгү макулдукту талап кылбайт. Иммундаштыруу медицина кызматкери тарабынан аныкталган медициналык убактылуу же абсолюттук каршы көрсөтмөсү жок балдарга жүргүзүлөт.
  • Балдарда оорунун өнүгүшүнө алып келген пландуу алдын алуучу эмдөөлөрдөн баш тарткандыгы үчүн ата-энелер же баланын мыйзамдуу өкүлдөрү жооптуу.
  • Пландуу профилактикалык эмдөөлөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин буйругу менен бекитилет.
  • Республикадагы Пландуу профилактикалык эмдөөлөрдүн тизмеси www.privivka.kg шилтемеси аркылуу жеткиликтүү.