БЦЖ иммундаштыруудан кийинки мүмкүн болгон кыйыр таасирлер

Төрөт үйүнөн чыгаардын алдында сиздин балаңыз кургак учуктан коргоо үчүн сол ийинге БЦЖ эмдөөсүн алат.
Body

Эмдегенден кийин, башка дары каражаттарын ичкендей эле балдарда иммундаштыруудан кийинки кыйыр белгилер келип чыгышы мүмкүн.

БЦЖ вакцинасынан кийинки мүмкүн болгон кыйыр таасирлер:

  • Бүдүрчө, бөрү жатыш, кычышуу түрүндөгү аллергиялык реакциялар
  • Сейрек кездешүүчү реакциялар: жараларды пайда кылган, узакка сакталуучу жана чоңураак тырык калтыруучу жергиликтүү кыйла күчтүү реакция; жергиликтүү лимфа түйүндөрүнүн сезгениши.
  • Сөөк же муундардын сезгениши, анафилактикалык шок вакцинага карата өтө сейрек кездешүчү реакциялар болуп саналат.

Көпчүлүк учурларда медициналык кызматкердин байкоосунда болуу керек. Көрсөтмөлөр боюнча профилдик адистерде дарылануу сунушталат.