Эмчек эмизүүнү калыбына келтирүү – релактация

Эгерде сиз кандайдыр бир себептерден улам эмчек эмизүүнү токтотуп жана кайрадан баланы эмизүүнү чечсеңиз, анда ийгиликке жетишиңиз мүмкүн! Сизге эң биринчи кезекте чоң каалоо, ошондой эле убакыт, чыдамкайлык, ырааттуулук жана айландагылардын колдоосу керек.
Body

Эгерде балаңыз ооруп калса жана эме албаса; балаңыздан бөлүнгөн учурда сүтүңүздү саап албасаңыз; эгер сиз башында эмизбей,  бирок азыр эмизүүнү каалап жатсаңыз; эгер сиз ооруп жана дары каражаттарын ичип жаткан болсоңуз эмчек эмизүүнү калыбына келтирүү талап кылынышы мүмкүн.

Кээде асырап алуучу эне дагы мурда биологиялык балдарын эмизген болсо лактацияны жөнгө сала алат.

Эмчек эмизүү сыяктуу эле, эненин мотивациясы жана өжөрлүгү лактацияны калыбына келтирүү үчүн чечүүчү мааниге ээ. Баланын жанында болуу, кучакташуу, тамактандыруу учурунда гана ойнобостон бала ойгоо болгон бардык учурларда ойнотуу керек.

Лактацияны калыбына келтирүү үчүн канча убакыт талап кылынары жекече жана баланын жашына жана эмизүүнү токтоткондон бери өткөн убакытка жараша болот. Бул мөөнөт 2 жума, ошондой эле бир ай болушу мүмкүн.

Процедура

  • Сизге жана балаңызга эмчек эмизүү учурунда ыңгайлуу экенине ынаныңыз.
  • Үзгүлтүксүз тамактанууга аракет кылыңыз; суюктук ичиңиз.
  • Баланы күнүнө 12 жолу эмизүү керек.
  • Ымыркайдын көкүрөккө кантип жайгашып жатканын текшериңиз.
  • Түнкүсүн эмчек эмизбей коюу мүмкүн эмес; уйкусураган бала оңой сорот.
  • Балага бөтөлкө жана упчу колдонбостон балдар аралашмасын чай кашык, шприц, чөйчөк же релаксация үчүн система менен бериңиз.
  • Эмизүүнүн алдында көкүрөк сүткө толуп жана эмизгенден кийин көкүрөк бошой тургандыгын сезгенде, бала активдүү соргонун, анын сүттү кандай соруп, жутуп жаткандыгын сезсеңиз, акырындап аралашманын өлчөмүн күнүнө 10-30 мл азайтыңыз.
  • Баланын дене салмагын дайыма өлчөп туруу керек.
  • Күн сайын канча жолу заңдай тургандыгын жана нымдуу такма жалаяктын санын көзөмөлдөңүз.
  • Суюктук ичүүнү жана тамактын калориялуулугун жогорулатыңыз.
  • Сизде тыныгуу үчүн жетишерлик убакыт болушу үчүн үй-бүлөңүздөн колдоо көрсөтүүнү өтүнүңүз.

Релактация системасын дарыканадан сатып алса же үйдө баланын инфузия системасы менен жасаса болот.

Эмчек эмизүү сыяктуу эле, эненин мотивациясы жана туруктуулугу лактация үчүн чечүүчү мааниге ээ. Баланын жанында болуу, кучакташуу, тамактандыруу учурунда гана ойнобостон бала ойгоо болгон бардык учурларда ойнотуу керек. Эгерде бала өтө кичинекей болсо (эки айга чейин) жана бөтөлкөдөн тамактандырууга көнүкпөсө же энеси жакында эмчек эмизүүнү токтотсо, лактацияны кайра жандандыруу оңой болот.