1- ай: Бири-бири менен таанышуу
1-айда баланын өнүгүшү
Баарлашуу
Эмне жаңы?
Жашоонун биринчи айында, ымыркайдын төрөлгөндөн кийин чоң жана маанилүү милдети, анын жаңы чөйрө менен таанышуусу. Ушул мезгилде ымыркайдын сиз менен баарлашуусунун негизги жолу - бул ыйлоо. Ыйлоо аркылуу, ымыркай ар кандай белгилерди билдирет - курсагы ачканын, асты булганганын, чарчаганын же жөн гана көңүлүн жубатуу керектигин. Ал үндөрдү, айрыкча ага кам көргөндөрдүн үнүн тааный баштайт. Ал өзгөчө бийик үндөрдү укканды жакшы көрөт, ошондуктан энелер да, аталар да кичинекей балдар менен сүйлөшкөндө кадимки эле "бала тилин" колдонушат.
Сиз кандай жардам бере аласыз?
Ушул алгачкы мезгилде ымыркайдын чакырууларына ар дайым жооп берүүңүз абдан маанилүү. Кээде ымыркайыңыз эмне үчүн ыйлап жаткандыгын билбей калышыңыз мүмкүн, бирок ошондо дагы, аны сиздин жанында болууңуз, үнүңүз, эркелетүүңүз, сылап-сыйпап, жумшак терметкениңиз менен сооротуу маанилүү. Мунун бардыгы баланын өзүн коопсуз сезүүсүнө жардам берет. Ымыркайдын ар түрдүү ыкмада ыйлаганын угуп, акырындык менен анын сизге эмнени айткысы келгенин үйрөнөсүз. Эсиңизде болсун – сиз баланы колуңузга алып, тамактандырып, кучактап же аны менен жумшак үн менен сүйлөшүп, ырдап аны өтө эле эрке кылып албайсыз.
Анын ыйлаганын угуп, ыйлаганынын себебин түшүнүүгө аракет кылыңыз. Ымыркай сиздин аны жөн гана кармалоосун каалагандыктан же ачка болгондуктан, кандайдыр бир ыңгайсыздыктардан (дененин ыңгайсыз абалы же нымдуу жалаяк), уйкусу келип, аркасы карышып калгандан же дагы бир башка нерсе оорутуп жаткандыктан ыйлашы мүмкүн. Ар дайым балаңызга жылуу, жоошутуучу үн менен кайрылып, колуңузга алып, терметип, эркелетип жубатыңыз. Коркпоңуз, ал мындан өтө эле эркетай болуп кетпейт.
Сезимдер.
Эмне жаңы?
Ымыркайыңыз баарынан мурун сиздин жүзүңүзгө жана башка адамдардын жүзүнө кароону артык көрөт. Сиз анын жашоосунун чордонусуз. Ал сизге жакын болушун каалайт жана бул ага керек. Бул анын биринчи жана күчтүү мамилеси. Ага аны жай жана назик кармаган жагат.
Сиз кандай жардам бере аласыз?
Ымыркайыңыз азырынча алыстан көп нерсени көрө албагандыктан, мүмкүн болушунча ага жакын туруңуз - “Мына мен! Мени кара!" деңиз. Мүмкүн болушунча ымыркай менен тез-тез физикалык байланышта болуңуз - аны колуңузга алып, кучактаңыз. Денеңизди денесине тийгизүүдөн ырахат алыңыз. Аны тамактандырганда, кийинткенде же жуунтуп жатканда аны менен сүйлөшүңүз, көзүн карап, жылмайыңыз. Аны жоошутуп, жылуу мамиле жасап, жумшак сүйлөп, тынчтанууга жардам бериңиз.
Ой жүгүртүү.
Эмне жаңы?
Ушул мезгилге чейин ал энесинин курсагында коопсуздукта өрчүгөн. Төрөлүү ал үчүн чоң өзгөрүү. Эми ал баарын көрүү, угуу жана кармоо менен гана үйрөнөт. Бул мезгилде адамдардын жүздөрү балаңыз үчүн баарынан кызыктуу. Биринчи айдын аягында, жакын турган учуруңузда, ымыркайыңыз сиздин жүзүңүздү көзү менен ээрчий карайт (болжол менен 20-30 см). Көзгө урунарлык, карама-каршы түстөр бар нерселер - ак-кара же кызыл-ак, ал үчүн да абдан кызыктуу болот. Ал сиздин үнүңүздү угуп, таанып калышы мүмкүн, бирок кээде күтүлбөгөн үнгө чочуп кетип, бүт денеси менен реакция жасашы мүмкүн. Ушул айдын аягында, ымыркайыңыз төрөлгөнгө караганда бир топ сергек жана сезимтал болот - бир нече жуманын ичинде чоң өзгөрүүлөр болот!
Сиз кандай жардам бере аласыз?
Анын сиз менен күн сайын өткөргөн убактысы анын жалпы өнүгүшүнүн жана мээсинин өнүгүшүнүн негизи. Ымыркайдын муктаждыктарын канааттандыруу ыкмаңыз менен анын дүйнө жана андагы адамдар жөнүндө түшүнүгү калыптанат. Бул ушунчалык жөнөкөй жана абдан маанилүү.
Кыймыл аракет.
Эмне жаңы?
Ымыркайыңыздын нерв тутуму дагы эле бышып жетилгенине карабастан, ал жашоосунун биринчи айында тездик менен өнүгүп келе жатат. Биринчи айдын аягында, ымыркайыңыз курсагында жатып башын азыраак көтөрүп же чалкасынан жатканда капталын кароого башын бурууга аракет кылышы мүмкүн. Бул ага сиздин кайда экениңизди көрүүгө жана айланадагы кызыктуу дүйнөнү байкоого жардам берет. Кээде ал манжаңызды колу менен бекем кармайт, бирок көпчүлүк учурда колдорун катуу муштум кылып түйүп алат. Ал колу-бутун силкилдетип же жулкулдатышы мүмкүн, кийинчерээк мындай кыймылдарын ирээтке келтирет, кээде колун көзүнө жана оозуна жакындатат.
Сиз кандай жардам бере аласыз?
Ымыркайыңызды колуңузга алгандан тышкары, аны коопсуз укташы үчүн чалкасынан жаткырыңыз жана ал ойгоо учурунда же колдо болгон кезде, бир азга тизеңизге көмкөрөсүнөн кармап туруңуз. Ага колу-бутун иштеткенге эркин коюңуз, бирок кыйналып кетсе, аны ыңгайлуу кылып ороп алыңыз.
Ымыркайдын өнүгүүсүн оюн аркылуу кантип өнүктүрүүгө боло тургандыгын билүү үчүн, "Бирге ойнойбуз" бөлүмүнө өтүңүз.
Ата-энелердин 1-айда өнүгүүсүнө кооптонуусу
Ар бир бала өзүнчө өрчүп-өскөндүктөн, сиздин ымыркайыңыз кайсы бир жөндөмдү качан жана кантип өркүндөтөрүн так айтуу мүмкүн эмес. Ушул мезгилде күтүлүүчү жана саналып өткөн жөндөмдөр (өнүгүү этаптары) сизге балаңыз чоңойгон сайын күткөн өзгөрүүлөр жөнүндө жалпы түшүнүк берет. Сураныч, анын өнүгүүсү бир аз башкача жолго түшүп калса, кабатыр болбоңуз.
Ошентсе да, эгерде балаңызда өнүгүүсүнүн кечеңдеген белгилеринин бирин байкасаңыз, ымыркайыңыз мурунку көндүмдөрүн жоготуп койгондой сезилсе же сизде тынчсыздануунун башка себептери болсо, анда педиатрыңыз (же башка медициналык адис) менен сүйлөшүңүз:
• Ымыркайыңыз көп ыйлайт, сиз аны соорото албай жатасыз,
• Ал начар соруп, жай тамактанат,
• Ал адаттагыдан көп уктайт (күнүнө 16 сааттан ашык) же тынч уктабайт,
• Ал колу-бутун таптакыр кыймылдатбайт,
• Катуу үн чыкканда ал чочуп кетпейт,
• Ал жаркыраган жарыктарга көзүн ирмебейт.
Reference:
https://raisingchildren.net.au/newborns/development/development-tracker/0-1-month
Laura E. Berk (2006), Child development (7ht edition), Allyn & Bacon
Dr sci Nirvana Pištoljević (2016), Rani razvoj deteta: šta treba znati, Udruženje pedijatara Srbije, Beograd. [Nirvana Pistoljevic, PhD (2016), Early child development: what you need to know, Serbian paediatric association, Belgrade – available in Serbian]