Жаңы төрөлгөн ымыркайдын жүрүм-туруму: сереп

Ымыркайдын жүрүм-турумун кантип түшүнсө болот? Кучактоо, уйку, тамактануу, ый. Жаңы төрөлгөн баланын биринчи айлардагы жүрүм-туруму ушулардан турат. Балаңыз кээде сизге кадалып тиктеп калса да, анын негизги иш-аракети ый болуп эсептелет. Мисалы, ачка болсо, толкунданса, алды нымдуу болсо же өзүн ыңгайсыз сезсе, ыйлай берет. Ымыркайлардын темпераменттери ар түрдүү болот. Кээ бирлери жайбаракат, тынч жатат, башкалары — чырылдап, туйлай берет. Айрымдары тынымсыз кыймылдап, активдүү болсо, башкалары тынч эле уктай берет. Кээ бирлери көбүнесе шайыр, башкалары кыйла олуттуураак көрүнөт.
Body

Жаңы төрөлгөн ымыркайдын ыйы: эмнени күтүү керек?

Ыйлоо – жаңы төрөлгөн ымыркайдын баарлашуусунун негизги ыкмасы, эмнеге муктаж экендигин сизге айтуу мүмкүнчүлүгү. Бул үндү сиз уктап жатканда деле дароо угуп, козголосуз. Эмизип жатсаңыз эмчегиңиз да ийиши мүмкүн.

Болжол менен алты жумалык болгондо ымыркай катуу ыйлайт. Ушул аралыкта жаңы төрөлгөн баланын катуу ыйлай турган мезгили өтөт.

Ымыркайлар күнүгө орто эсеп менен үч саат ыйлап, ушул убак ичинде тынчы жок болот. Кээ бирөөлөр андан да көпкө ыйлайт. Бала негизинен кечке жуук жана түн ичинде ыйлап тынчы кетет, бирок бул күн сайын эле кайталана бербейт.

Балаңыз чоңойгон сайын анын ыйлаганынан сизге эмне айткысы келгенин оңой түшүнөсүз. Ошентип, күн сайын маал-маалы менен катуу ыйлай берет.

Ымыркайдын жүрүм-турумун кантип түшүнүп, кантип жооп кылуу керек?

Жаңы төрөлгөн бала курчап турган дүйнөнү аңдап-түшүнүүгө аракет кылат. Баланын жүрүм-турумуна, айрыкча ыйлаганына кандай мамиле кылганыңыз ага дүйнө жөнүндө көп нерсени айтып берет.

Мисалы, балаңыз ыйлаганда кимдир бирөө анын муктаждыгын канааттандырарын, мисалы, жалаягын алмаштырып, тамак берерин же колго алышын күтүшү мүмкүн. Ал күткөндөй болгондо өзүн курчап турган дүйнөнүн жаман эмес экендигин аңдайт.

Ыйлап жаткан ымыркайга дароо көңүл буруп, сооротсоңуз, ал көп ыйлабай калат. Бала ыйлап жатканда аны колго алган жакшы. Бул учурда өзүн коопсуз экендигин туят, анткени сиз камкор, боорукер ата-энесисиз.

Балаңызды ашыкча эркелетип аламбы деп чочулабаӊыз. Ымыркай ыйлап жатса, демек, ал сиздин жардамыңызга муктаж. Эгерде сиз балаӊыздын ыйлаганына токтоо жана ырааттуу жооп кылсаңыз, ал өзүн курчап турган дүйнө коопсуз жана ишенимдүү экендигин сезет.

Сооронбой ыйлай берүү же ичине жел турган учур

Кээ бир ымыркайлар көпкө чейин сооронбой ыйлашат. Бул көбүнчө ичке жел турганда (колики) болот.

Жел туруу кээ бир балдар үчүн демейки көрүнүш болушу ыктымал, айрыкча эртеден кечке бала ар түрдүү кыймылдарды көп жасаганда. Ымыркай ыйлоо аркылуу айланасында болуп жаткан окуяларга мамилесин билдире алат. Ал: “Жетишет! Эч нерсени көрбөйүн, укпайын деп кыйкырып жатам!” – дегенсийт.

Балаңыз ушинтип ыйлаганда, чыдашыӊыз абдан кыйын болушу мүмкүн. Төмөндө балаңызга жана сизге жардам бере турган бир нече кеңеш:

  • Баланын айланасындагы тынчын ала турган нерселерди азайтыңыз. Мисалы, бала менен тынч, караңгы бөлмөдө отурганга аракет кылыңыз.
  • Балаңызды бешикке капталынан жаткырып, акырын аркасынан ыргак менен сылаңыз. Эгерде ал уктай баштаса, акырын чалкасынан жаткырыңыз.
  • Кулакчын тагынып алгандай элестетиңиз. Ыйлаган үндүн ачуусу сизге тийбей, айланып өткөндөй сезилсин. Дүрбөлөӊгө түшпөӊүз. Сиз балаңызга жардам берүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатасыз.
  • Балаңызды коляскага же слингге салып сейилдөөгө алып чыгыңыз. Кээде ары-бери басуу да баланы сооротот.
  • Фондук ызы-чууну чыгарып, мисалы, желдеткичти иштетип, радиону арасат жыштыкка жылдырып көрүңүз. Бул баланы тынчтандырышы мүмкүн.

Ыйлап жаткан баланы сооротуу боюнча кошумча идеяларды биздин сүрөтү бар көп кадамдуу колдонмодон табасыз.

Качан жардам сураш керек?

Бардык балдар коопсуз болууга жана корголууга укуктуу. Бирок жаңы төрөлгөн баланы багып-кароо оӊой эмес. Эгер колуңуздан келбей жатканын сезсеңиз, жардам сураңыз. Балким, үй-бүлөдөгү бирөө же досторуңуздун бири ыйлап жаткан баланы сейилдетип келер? Жакын арада бири-бирин колдогон башка апалар бар болсо, ошолорго кайрылыңыз.

Жаңы төрөлгөн бала курчап турган дүйнөнү көбүрөөк билип, эмнеге муктаж экенин айтканды үйрөнгөн сайын, аны сооротуу оңой болот. Сиз да баланын жүрүм-турумун жакшы түшүнө баштайсыз. Балаңызды сизден жакшы эч ким билбейт, бирок ал көп ыйлап жатат деп кооптонуп жатсаңыз же чыдабай кетишим мүмкүн деп ойлосоңуз, догдур же башка адис менен сүйлөшүңүз.