Жакындык жана жакшы көрүү: жаңы төрөлгөн ымыркайлар

Төрөттөн кийинки жакындык жана жакшы көрүү Жакындык жана жакшы көрүү – бул жаңы төрөлгөн баланын муктаждыктарына дайыма мээрим, жылуулук жана камкордук менен мамиле кылуу. Ошентип, сиз наристеңиздин жашоосунда өзгөчө инсанга – ал ишенген адамга айланасыз. Сиз менен ымыркайдын ортосундагы жакындык анын өсүп-жетилүүсүнүн маанилүү шарты болуп саналат. Мисалы, жаңы төрөлгөн ымыркайыңызга жылмайсаңыз, сылап-сыйпасаңыз же кучактасаңыз, ал дүйнө — ойноо, окуп-үйрөнүү жана таанып-билүү үчүн коопсуз жай экенин сезет. Бул анын эмоционалдык бейпилдигине жана болочоктогу жашоосундагы кыйынчылыктарды жеңүү жөндөмүнө негиз болот. Жакындык менен мээримдүүлүк балаңыздын психикалык жана физикалык өнүгүүсүнө да жардам берет. Мисалы, адам менен тынымсыз байланышта болуу — тийүү, кучакташуу, сүйлөшүү, ырдоо жана бири-биринин көзүнө тигилүү — жаңы төрөлгөн баланын мээсинде гормондордун бөлүнүп чыгышына себеп болот. Бул гормондор баланын мээсинин өсүшүнө жардам берет. Анын мээси өскөн сайын эс тутуму, ой жүгүртүүсү өнүгүп, тили да тезирээк чыгат.
Body

Ымыркайыңыздын жүрүм-турумун жакындык жана жакшы көрүүчүлүк ыңгайынан түшүнүү

Балаңыз курсагы ачса же жалаягын алмаштыруу керек болсо, мимика, жаңсоо жана башка кыймылдар аркылуу сизге кабарлайт. Ушул эле жол менен ымыркай баарлашкысы жана жакын болгусу келгенин көрсөтөт. Булардын көрүнүшү ар түрдүү болушу мүмкүн:

  • сизге жылмаят же көзүңүзгө карайт – ымыркайлар көзгө караганды жакшы көрүшөт
  • акырын күркүлдөйт же күлөт
  • жай гана кызыга карайт
  • ыйлайт

Балаңыз чарчаганда же башкача, жумшак мамилеге муктаж болгондо:

  • бурулуп көзүн жумат же эстейт
  • четтеп же алыстап кетүүгө аракет кылат
  • чыңалгандай жана тынчсыздангандай көрүнөт
  • ыйлайт

Балаңыздын белгилерин түшүнүп, аларга туура жооп бергенди үйрөнсөңүз, сиз менен көбүрөөк баарлашуусуна түрткү болот. Бул жакындык сезимин бекемдөө үчүн маанилүү учур, балаңыздын баарлашуу, жүрүм-турум жана эмоциялар жөнүндө көбүрөөк билишине жардам берет.

Баланын белгилерин же жаңсоолорун байкасаңыз, ар дайым жылуу карап, мээримдүү жылмайыӊыз, ошондо ал өзүн бейпил жана ишенимдүү сезет. Бул балаңыз менен бекем мамиле түзүүгө өбөлгө түзөт.

Жакындык мамилени кантип калыптандыруу керек?

Ар дайым ымыркайга назик жана мээримдүү мамиле кылсаңыз, ал өзүн коопсуз сезет. Төмөндө бир катар сунуштар:

  • Ымыркайыңызды дайыма колго алып, кучактап туруңуз. Денеси менен сезиши үчүн аны термелтиңиз же көкүрөгүңүзгө кысыңыз. Жалаяк алмаштырганда же жуундурганда аны акырын сылап-сыйпаңыз.
  • Ыйлаганда көӊүл буруӊуз. Ымыркай эмне үчүн ыйлап жатканы дайыма эле сизге түшүнүктүү боло бербейт. Бирок ага көӊүл бурсаӊыз, анын өзүн коопсуз жана бейпил сезишине жардам бересиз.
  • Жаңы төрөлгөн ымыркай өзүн физикалык жактан коопсуз сезгендей кылыңыз. Балаңызды колго алганда, башы менен моюну туура абалда болгудай кылып кармаңыз. Кучактаганда, орогондо, бала өзүн жатындагыдай коопсуз сезет.

Ымыркай карап көрүү, угуу жана сезүү мүмкүнчүлүгүн алганда да жакындык пайда болот. Бул анын мээсинин иштешине жана өсүшүнө түрткү берет. Бул боюнча кеңештер:

  • Ымыркай менен тынчтандырып кубаттаган үн менен мүмкүн болушунча тез-тез сүйлөшүңүз. Эмне кылып жатканыңызды эле айтсаңыз же жомок айтып берсеңиз да болот. Ошондо балаңыз сиздин үнүӊүздү айырмалап таанып калат. Бул анын тилинин чыгышына да түрткү берет.
  • Ыр ырдап бериңиз. Балаңызга ырлар менен музыканын үнү жана ыргагы жагышы мүмкүн. Тынчтандыруучу музыка экөөӊүздүн бейпилдикти сезишиӊерге өбөлгө түзөт. Ал эми ырдын сөзүн, обонун так эстеп жатасызбы-жокпу – бала үчүн такыр маанилүү эмес.
  • Сүйлөгөндө жана ырдаганда баланын көзүнө карап, жүзүңүздөн ар кандай ымдоо-жаңсоолорду көрсөтүңүз. Бул балага сөздөр менен сезимдердин ортосундагы байланышты түшүнүүгө жардам берет.
  • Балаңыздын туюп-сезишине түрткү бериңиз. Төрөлгөндөн баштап ымыркай денесине эң эле назик бир нерсе тийсе да сезе алат. Жалаякты алмаштырып жатканда анын тамандарын жумшак чүпүрөк менен сылап көрүңүз. Эмне болуп жатканын айтыңыз. Мисалы: “Жагымдуубу? Жумшакпы?” – деп сурасаңыз болот.

Жакындык жана жакшы көрүү сезимин калыптандыруу оңой болбошу мүмкүн

Балким, сиз бала менен биринчи байланышканда эле жакындыкты сезип, дароо жакшы көрүп каласыз. Бирок эгер өзгөчө эч нерсени сезбесеңиз, кыжаалат болбоңуз. Балаңызды таанып-билүүгө жана түшүнүүгө кээде жумалар же айлар талап кылынышы мүмкүн.

Сизге жардам бере турган кеңештер:

  • Балаңыз менен баарлашуудан ырахат алуу үчүн убакыт бөлүңүз. Жаңы төрөлгөн ымыркайга кам көрүү кыйын, бирок жөн эле чогуу убакыт өткөрүү да абдан пайдалуу. Мисалы, баланы колго алып, ага мукам үн менен бир нерсе окуп берсеӊиз жакшы болот. Өзүӊүз жакшы көргөн журналды же гезитти окусаӊыз да, бала сиздин үнүңүздү укканды жактырат.
  • Дүйнөнү балаңыздын көзү менен караңыз. Ал эмнени карап жана сезип жатканын же эмне кылгысы келип жатканын элестетиңиз. Эмнени чындап жактырып, эмнени жактырбай турганын түшүнүүгө аракет кылыңыз. Балким, көпчүлүккө аралашканына сүйүнүп, ар башка жакындарынын колунда болгусу келер? Же тегеректеги жагдайды сиздин колуңуздан түшпөй эле байкап турганды каалайбы?
  • Ийкемдүү болуңуз. Жаңы төрөлгөн балдардын көбү күндүз жана түнкүсүн дайым бирдей убакта уктай албайт. Бул ымыркайдан бекем тартипти сактайт деп күтпөш керектигин билдирет. Эң жакшысы, балаңыз тамактангысы, уктагысы же ойногусу келсе, ошого жараша кам көрүп туруӊуз.

Сиз балаңыздын жашоосундагы эң башкы адамсыз. Балаңыз менен болгон мамилеңиз ойдогудай болбой жатат деп шек санасаӊыз же суроолоруңуз болсо, билгендерден жардам сураӊыз – бул экөөңүздөр үчүн абдан маанилүү болушу мүмкүн, айрыкча балаңыз кичинекей кезинде. Жардам же кеӊеш суроодон тартынбаңыз – ден соолугуӊуз жана психикалык абалыӊыз жакшы болсо, балага да мээрим төгүп, жакшыраак кам көрө аласыз.

Бир нече камкорчу менен жакын мамиледе болуу

Бала өзүн дайыма багып караган адамдар, мисалы, ата-энеси менен эң жакын мамиледе болот. Ал өзүнө дайыма мээрим төгүп кам көргөн жана коопсуздук сезимин тартуулаган башка адамдарга да жакын болуп калышы ыктымал. Булар анын чоң ата, чоң энеси, багып жаткан адамдар, улуу бир туугандары болушу мүмкүн.

Бир нече адам менен мамиледе болуу балаңызга ишеним жана жакындык жөнүндө көбүрөөк билүүгө жардам берет. Ал ошондой эле жашооңузду да жеңилдетет, башкача айтканда жумуш, соода жана үй тиричилиги сыяктуу башка иштериӊизди аткаруу да оңой болот. Бул сиздин дем алууңузга чоң мүмкүнчүлүк берет.