Баланызды көп эркелетүүдөн коркпоңуз!

Өз муктаждыктарына ырааттуу жана так жооп алуу тажрыбасы жок балдар бара-бара оюндагысын туура билдире албайм, чоңдорго да ишенбеш керек экен деп ойлоп калат.
Body

Эгерде сиз ыйлаган же капаланган балага көӊүл бурбай койсоӊуз, анда чоӊ ката кетиресиз. Ырас, бала ыйлап-ыйлап, акыры сооронот, бирок чындыгында ал эмне кылаарын билбей жалгыз калуудан абдан коркуп калат.

Демек:

  • айрыкча алгачкы күндөрү баланы колуңузга көтөрүп жүрүңүз, кучактап, бала менен тыгыз байланышта болуңуз;
  • бала ыйлаган сайын мээримдүү үнүңүздү угузуп, кучактап туруңуз;
  • бала үн салганда же жылмайганда, аны менен сүйлөшүңүз, үндөрүн кайталаңыз жана көзүнө караӊыз;
  • бала бир нерсеге кызыгарын билдирген сайын, анын эмне кылып жатканын айтып, кубаттап туруңуз;
  • бала тынчсызданып жатканда үнүңүз, кучагыңыз, кыймылыңыз аркылуу баары жайында экенин сездирип турунуз;
  • бала кубанганда, аны менен бирге жылмайып, үнүңүз жана көзүӊүз менен жакшы маанайыңызды билдириңиз;
  • бала чаалыкканда, аны кучактап, анын бул абалын түшүнөөрүңүздү, сиз менен чогуу уктап эс алаарын мээримдүү үн менен билдириңиз.