Балаңыз үчүн оюнчуктарды тандоо

Оюнчуктар аябагандай көп жана балаңыздын муктаждыктары менен каалоолорун тескөө, жарнак жана теңтуштардын таасиринин коштошуу менен, татаал болушу мүмкүн. Бирок балдар үчүн мыкты оюнчуктар эң кымбат же татаал оюнчуктар эмес - балаңыздын фантазиясын жана ой жүгүртүүсүн ойготуучу оюнчуктар дагы бар.
Body

Балдар үчүн мыкты оюнчуктар

Оюнчуктар балаңыздын өнүгүүсүн колдоонун мыкты жолу болушу мүмкүн. Бирок балаңызга сиз ойлогондой көп оюнчуктун кереги жок.

Балдар үчүн мыкты оюнчуктар - " ачык ". Бул оюнчуктарды балаңыз ар кандай жолдор менен колдоно алат. Алар балаңызды өзүнүн фантазиясын, чыгармачылыгын жана көйгөйлөрдү чечүү жөндөмүн колдонууга үндөйт. Андан тышкары, мыкты оюнчуктар гендердик стереотиптердин алдын алып, анын ордуна социалдык-когнитивдик жана чыгармачылык жөндөмдөрдүн кеңири топтомун өнүктүрүүгө түрткү берет.

Ачык оюнчуктарга төмөнкүлөр кирет:

  • блоктор - бир күнү балаңыз мунара курууда аларды колдонот, ал эми эртеси ал блокту кулагына алып келип, телефонго окшотот
  • топтор - алар секирип, карап, тоголотуп, кармалаганга жана ыргытканга сонун
  • картон кутучалар - сиздин балаңызга дүкөндүн эсептегичтери, мештер, автоунаалар, кайыктар, куурчак үйлөрү жана башкалар сыяктуу көрүнүшү мүмкүн
  • роль ойноо - кээ бир колго тийген кийимдер жана кездемелер менен, балаңыз каалаган нерсесине же каалаган адамына айлана алат.
  • чыгармачыл көркөм материалдар - түстүү кагаз, паста же желим, карандаш жана жуула турган маркерлер балаңыздын элестетүүсүн пайда кылышы мүмкүн.

Ар дайым оюнчуктарды сатып алуунун кажети жок. Идиш-аяк, желим идиштер, кийим себеттер жана жууркан сыяктуу күнүмдүк тиричилик буюмдары ачык оюнчуктар катары болот. Балаңыз ойногон үй тиричилик буюмдарынын коопсуздугун текшериңиз,  башкысы-балаңыз какап калуусуна алып келүүчү майда нерселерди же курч нерселерди алыс кармаңыз.

Балдар үчүн оюнчуктарды тандоо

Көптөгөн оюнчуктардын сырткы орогучунда, кайсы куракка экендиги жөнүндө  маалыматтар бар. Бул, пайдалуу болсо дагы, бирок болгону жалпы сунуштар. Балаңыздын кызыгуусу жана өнүгүү баскычы сизге эмнени тандоо  керектиги жөнүндө жакшыраак түшүнүк берет.

Курак боюнча маалымат коопсуздук үчүн маанилүү болушу мүмкүн, бирок, оюнчуктарда кичинекей бала жутуп ала турган кичинекей бөлүктөр бар. Мындай учурларда, курак боюнча сунушталган маалыматты сактоо акылдуулукка жатат.

 

Ымыркайыңыз үчүн эң жакшы "оюнчук" –бул, ага кам көргөн, сиз, же жакын үй-бүлө мүчөсү. Балаңыз сиздин жүзүңүздү көрүп, үнүңүздү угуп, жөн гана жаныңызда болгондон ырахат алат. Жада калса оюн-зоок иш-аракеттеринен жана кооз түстүү шылдыракка жетүүнү үйрөнүү сыяктуу оюндардан сиз балаңыз менен чогуу жасаганыңыз көңүлдүү болот.

Бөбөктөр кутучалар менен ойногонду жакшы көрүшөт, адатта, тартуулаган белектерге караганда, алар салынган жана оролгон нерселер көбүрөөк көңүлүн кубантат. Бөбөктөр үчүн дагы башка жакшы тандоолордун катарына курулуш материалдары (ал тургай, бош сүт кутучаларынан жасасаңыз болот) жана кийинүү үчүн кийимдер кирет. Бөбөктөр ошондой эле жөнөкөй музыкалык аспаптардан, аларды силкип, кагыштырып, ырахат алышат.  мисалы, оодарылган идиштен жасалган барабан жана жыгач кашык.

Улуураак балдар да «жасалма оюн» ойногонду жакшы көрүшөт. Үйдүн айланасындагы өтө жөнөкөй буюмдар - мисалы, шарф, аш кашык же баш кийим - балаңызга туурап ойноо үчүн ар кандай идеяларды берет. Мектепке чейинки курактагы балдар адатта блокторду жана башка курулуш оюнчуктарын жакшы көрүшөт, ошондой эле өзгөчө үй шартында жасалган варианттар да болот. Пазлдар же балаңызды башкалар менен ойноого түрткү берген оюндар дагы жакшы тандоо болуп эсептелет.

Оюнчуктар жана үй-бүлөлүк баалуулуктар

Сиздин үйүңүздө балаңыз кандай оюнчуктар менен ойносо болот, ошону сиз чечесиз.

Эгер сизде кээ бир оюнчуктар жөнүндө принципиалдуу ойлоруңуз болсо, анда балаңыз менен, айрыкча, ал чоңойгон сайын сүйлөшкөнүңүз оң. Сиз кайсы бир нерселерге кандайча жана эмне үчүн ушундай мамиле кылаарыңызды түшүндүрүңүз. Мисалы, 'Мылтык-бул өтө коркунучтуу жана кооптуу. Мылтык  адамдарды жаракат кылып, өлтүрүп коет. Биздин  үй-бүлөөдө  оюнчук мылтык менен ойнобойбуз.  

Эгер сиз башка чоңдордун балаңызга кандайдыр бир оюнчуктарды белек катары берүүсүн каалабасаңыз, анда аларга кыска жана жайбаракат түшүндүрүү жетиштүү. Акыры, бул сиздин чечимиңиз.