Эмне үчүн оюн маанилүү
Эмне үчүн ойноо маанилүү
Оюндун маанилүүлүгү
Оюн балаңыздын үйрөнүүсү жана өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү. Ал ойноп жатканда ага үйрөнүүнүн жана өсүүнүн ар кандай ыкмалары жана мүмкүнчүлүктөрү ачылат.
Оюн балаңызга төмөнкүлөргө жардам берет:
- өзүнө болгон ишенимди бекемдөөгө;
- өзүн сүйүктүү, бактылуу жана коопсуз сезүүгө;
- коммуникативдик көндүмдөрдү, тилди жана баарлашууну өнүктүрүүгө;
- башкаларга жана айлана-чөйрөгө кам көрүүгө үйрөнүүгө;
- физикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө.
Балаңызга сиз менен ойногон жагат, бирок кээде жалгыз ойногонду жактырышы мүмкүн. Ал жөн гана аны менен кантип ойноо керектиги жөнүндө идея менен бөлүшүшүңүздү каалашы мүмкүн. Кээде ал башка балдар менен ойногусу келиши мүмкүн. Балаңыздын жанында болуңуз, бирок ал башкы болсун!
Түрдүү оюндар
Так түзүмү жок эркин оюн — бул кичинекей балдар үчүн оюндун эң жакшы түрү.
Бул азыркы учурда балңызды кызыктырган нерседен көз каранды болгон жөн эле боло турган оюн. Эркин оюн пландаштырылбайт жана балаңызга фантазиясын колдонуп, өз темпинде жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Эркин оюндар — бул:
- компанияда же жалгыз көркөм же музыкалык оюндар;
- элестетүү оюндары — кутучалардан үйлөрдү куруу же жууркан-төшөктөрдөн алачыктарды куруу, кийим алмаштыруу же “элестетип” ойноо;
- шкафтар жана короолор сыяктуу ойной турган жаңы же сүйүктүү жерлерди изилдөө.
Эркин оюндарды кубаттаңыз, балаңызга керектүү нерселердин бардыгын бериңиз (сөзсүз эле сатып алуунун кереги жок!). Кээде балаңыздын көңүлүн полдо үйүлгөн оюнчуктарга же калемдер жана кагаз менен столго бурсаңыз болот. Сунуштаңыз: “Кел, биз жырткыч болгондой оюнду ойнобуз. Бүгүн ким болгуң келет?”.
Түзүмдөштүрүлгөн оюн — бул башка. Ал уюштурулган жана белгилүү бир убакта же жерде ойнолот. Чоң адам башкы ролду ойнойт же жалпы үй-бүлө менен ойногон учурда болот, өзгөчө баары үйдө болсо.
Түзүмдөштүрүлгөн оюндар — бул:
- үй-бүлөлүк такта же карта оюндары;
- белгилүү бир тема боюнча чоң кагазга сүрөттү чогуу тартуу;
- топтор же тоскоолдуктар тилкеси менен короо оюндары;
- жергиликтүү китепканаларда жана балдар борборлорунда кичинекей балдар жана мектепке чейинки курактагы балдар үчүн иш-чараларда жолугушуулар;
- бардык курактагы балдар үчүн бий, музыка же актердук чеберчилик.
Балаңыз менен бирге оюн кандайча өзгөрөт
Балаңыз чоңойгон сайын анын ойноо ыкмасы да өзгөрөт. Бул жерде ымыркайлардан мектепке чейинки курактагы балдарга чейин ар бир курак үчүн оюндун идеялары.
Ымыркайлар жана кичинекей балдар: өнүгүүгө өбөлгө түзүүчү оюндар үчүн идеялар
Ымыпкайлар үчүн эң жакшы оюнчук — сизсиз. Жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн оюн — бул жөн гана жүзүңүздү карап, үнүңүздү угуу, айрыкча жылмайып жатсаңыз.
Балаңыз менен төмөнкүдөй ойноп көрүңүз:
- Музыка, ырлар, ырдап жатканда баланын курсагын назик чапкылоо же коңгуроо кагуу: мындай иш-аракеттер угууну жана моториканы өнүктүрөт.
- “Ку-ку”: мындай оюн кичинекей балаңыздын социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсү үчүн эң сонун.
- Эгер кичинекей баланы акырын сылап же ага тийүү үчүн ар кандай текстураларды берсе, мисалы, жумшак, одуракай, тикендүү, жылмакай, түктүү: мунун баары тийүү сезимин өнүктүрөт.
- Ар кандай өлчөмдөгү, түстөгү жана формадагы буюмдар балаңызды кызыктырат, аларга сөзсүз жетип, кармагысы келет.
- Туруктуу эмеректер, топтор, оюнчуктар же кутулар балаңызга жөрмөлөөгө, жөлөнүүгө, турууга жана басууга түрткү берет.
Балаңызды курсагына көп жаткырып, аны менен полдо ойноңуз. Ал курсагында жатканда булчуңдарын чыңдоого жана башкарууга жардам берет. Бул ошондой эле балаңызга дүйнөнү башка бурчтан көрүүгө жана сезүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кичинекей балдар: өнүгүүгө өбөлгө түзүүчү оюндар үчүн идеялар
Балаңызга жагышы мүмкүн болгон бир нече идея:
- Картон кутулар, чакалар же үйлөмө шарлар — чуркоо, куруу, түртүү же сүйрөө үчүн эң сонун нерселер.
- Борлор менен сүрөт тарткыла, резинадан секиргиле, бийлегиле, кол чапкыла, музыкага ылайык баскыла же кутуларды жылдыргыла.
- Обручтар, кутулар же жаздыктар чыгуу, тең салмакты сактоо, айлануу, термелүү үчүн ылайыктуу.
- Кийимдерди алмаштыруу оюндары фантазияны жана чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн ылайык келет.
- Бала жөрмөлөп, күчүн сынап, шамдагайлыкты машыктыруучу чоң балдар аянтчаларындагы, сейил бактардагы жана тоскоолдук тилкелериндеги оюндар физикалык өнүгүүгө өбөлгө түзөт.
Баланын сүйүктүү музыкасын коюңуз, ар кандай үндөрдү жана ритмдерди туурап ырдасын. Балаңыз менен бирге ырдаңыз, бийлеңиз жана музыкага кол чабыңыз.
Мектепке чейинки курактагы балдар: өнүгүү үчүн оюндардын идеялары
Мектепке чейинки курактагы балаңыздын психикалык жана физикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган айрым кеңештер:
- Сүттүн таза бөтөлкөлөрү, жыгач кашыктар, бөлмө өсүмдүктөрү үчүн бош жана таза идиштер, таякчалар, бырышкан кагаздар, желим чакалар, казандар жана эски кийимдер эркин, чыгармачыл оюн үчүн эң сонун.
- Окшошторду же айырмалангандарды табуу керек болгон жөнөкөй пазлдар жана оюндар баланын эс тутумун жана концентрациясын жакшыртууга жардам берет.
- Калемдер, кайчы, түстүү жана ак кагаздар, клей, эски журналдар же жарнак баракчалары — булардын баары коллаж жасоо жана фантазияңызды жана чыгармачылыгыңызды өнүктүрүү үчүн керектүү нерселер.
- Пластилинден (үйдө жасалган же сатылып алынган), туздуу камырдан же полимердик чоподон бир нерсе жасоо майда моториканы өнүктүрөт.
- Бий концертин уюштуруучу үчүн бир нече казан-аяк жетиштүү.
- Топторду ыргытып, тоголотуп, тепкилесе болот.
Эгер балаңыз ойногусу келбесе
Балаңыз ойногусу келбеген учурлар болот — мисалы, бир эле нерсени көпкө чейин жасаганда ал чарчап же зеригип кетет же бул үйдөгү же айланадагы стресстик кырдаалдарга реакция болушу мүмкүн. Бул тынчсыздануу үчүн себеп эмес.
Бирок, балаңыздын адисине, педиатрына же тарбиячысына жардам сурап кайрылышыңыз керек, эгерде:
- ымыркайыңыз “ку-ку” сыяктуу жөнөкөй биргелешкен оюндарды ойнобойт;
- сиздин кичинекей балаңыз бир гана оюнчукка кызыгат же оюнчук менен бир гана иш-аракет жасайт — мисалы, оюнчук машинанын дөңгөлөктөрүн ошол эле курактагы башка балдардай бөлмөдө ары-бери жүргүзүүнүн ордуна кайра-кайра айлантууга гана кызыкдар;
- сиздин мектепке чейинки курактагы балаңыз башка балдар менен ойноого же элестетип ойноого кызыкпайт. Бирок, кээ бир балдар уялчаак же бир нерсеге жайыраак кызыгарын унутпаңыз, ошондой эле балдар ар кандай оюндарга кызыгышы мүмкүн.