Социалдык-эмоционалдык өнүгүүнү стимулдаштыруу: 24 -36 ай

"Наристе башка балдар менен биргелешкен иш-чараларга барган сайын кызыгуусу артууда. Оюндар татаалдашып, ар түрдүү болуп баратат. Элестетүү жана ролдук оюндар ой-пикирдин, тилдин, башкалар менен болгон мамилелеринин өнүгүшүнө жана жеке инсандык өзгөчөлүктөрүнө кошумча түрткү берет. Сезимдер татаалдашат. "
Body

Теңтуштар менен ойноонун мааниси

Теңтуштар менен ойноо убактысы көбөйүүдө. Кез-кезде чыр-чатактар жана нааразычылыктар сөзсүз болот. Тажрыйба аркылуу бала өзүнүн жеке муктаждыктарын таанып, түшүнүп, башкалардын муктаждыктары менен, шайкеш келтире алат. Боорукердик - башкалардын сезимдерин байкоо жана кабыл алуу жөндөмү өрчүйт.

•           Башка балдар менен байланышуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүүңүз. Бала бакча, оюн бөлмөлөрү, парктар, ошондой эле кичинекей балдары бар башка үй-бүлөлөргө баруу - балаңыздын жашоосундагы маанилүү окуялар.

•           Эгер балаңыз уялчаак болсо, дем-күч берип, бирок чыдамдуу болуңуз. Мажбурлабаңыз, балага кыйынчылыктан чыгууга убакыт бериңиз.

•           Эгерде сиздин наристеңиз  тынчы жок жана сак болбосо, жанында болуңуз. Керек болгондо реакция кылыңыз. Так көрсөтмөлөрдү берип, ырааттуу болгула.

Өз алдынчалык

•           Өз алдынчалыкты бекемдөө балаңыздын инсан катары калыптанышында чоң мааниге ээ. Ийгиликтүү өз алдынча жасаган иш-аракеттер канааттануу жана сыймыктануу сезимин жаратат. Сиз көрсөтүү, колдоо жана кубаттоо үчүн анын жанындасыз.

•           Балаңызды өз алдынча болууга үндөө үчүн күндөлүк иш-аракеттерди колдонуңуз. Жеке гигиенаны сактоо, тамактануу, кийинүү бул үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөр.

•           Балаңызга сиз үчүн бир нерсе жасоого, сизге бир нерсе алып келүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз. Анын жасаганы сиз үчүн маанилүү экендигин көрсөтүңүз, аны жасай алгандыгы үчүн мактаңыз.

•           Балдардын аракети ийгиликсиз болгон күндө дагы, аларды баалап, колдоп туруңуз. Бала аракетин таштабайт, кийинки жолу жеңилирээк болот.

Кызматташуу

•           Бала өзүнүн каалоолорун барган сайын жакшыраак билип баштайт. Ал каалаганына жетүү үчүн оюнан кайтпашы мүмкүн жана ошол эле учурда ар кандай терс сезимдерди жана жагымсыз жүрүм-турумдарды көрсөтө алат. Сиз өзүңүздү алсыз сезип же ачууланып кетишиңиз мүмкүн. Сиздин балаңыз дагы ошондой сезимде экендигин билиңиз.

•           Баланын сизге айткысы келген нерселерин угуңуз. Балаңыздын каалоолоруна түшүнүү менен мамиле кылыңыз. Эмнеге уруксат берилип, эмне берилбей жаткандыгын түшүндүрүңүз. Кызматташууга даяр экендигин көрсөткөндө баланы мактаңыз. Сыйлык катары балага жаккан дагы бир нерсени сунуштасаңыз болот.

•           Балага анын кандай сезимде болуп жаткандыгын билгендигиңизди айтып, балаңыздан көргөн сезимди айтып жана эмне үчүн тилеги орундалбай жаткандыгын түшүндүрүңүз.

•           Балага терс комментарий бербеңиз же ачууланбаңыз. Түшүнүктүү жана токтоо болуңуз. Айкын, кыскача түшүндүрмөлөрдү бериңиз жана ырааттуу болуңуз. Сиздин өзүнүздү башкара билүүңүз жана так эрежелериңиз балага чоң жардам берет.