Балдардын адаттары

Физикалык адаттар деген эмне? Адат – бул сиздин балаңыз дээрлик ойлонбостон бир аракетти кайра-кайра кайталаган жүрүм-турумдун түрү. Көбүнчө балалык адаттарга кабатыр болушуӊуз же капаланышыӊыз мүмкүн, бирок алар адатта тынчсыздануу үчүн себеп эмес. Адатта балдардын адаттары денесине же жүзүнө тиешелүү болот. Кээде балдар өздөрүнүн адаттарын аңдап-билет, ал эми кээде аңдабайт. Балдардын эң көп кездешүүчү адаттары төмөнкүлөр: манжаларын же бармагын сорот тырмактарын тиштейт же сындырат чачын тутамдап бурайт, тарткылайт мурдун чукулайт эриндерин же жаактарынын ички этин тиштейт карандаш жана кийим сыяктуу нерселерди тиштейт тишин кычыратат.
Body

Бул адаттар эмне үчүн пайда болот?

Адаттар тынчтануунун бир ыкмасы болушу мүмкүн. Мисалы, кичинекей балдардын ымыркай курактан өтүп жатканда өздөрүн тынчтандыруу үчүн бармагын сорушу ыктымал. Балдардын кээ бир адаттары зериккенден да пайда болот.

Эскертүү: кээ бир ымыркайлар чайпалуу же башын эңкейтүү сыяктуу кадимки, бирок кээде адаттан тыш көрүнгөн аракеттер менен өздөрүн тынчтандыруу оңой. Көпчүлүк балдардын бул адаттары беш жашка чыгып калганда калат.

Жүрүм-турумдун кээ бир түрлөрү адаттын башталышы өңдүү көрүнүшү мүмкүн, бирок мунун медициналык себептери болушу ыктымал. Мисалы, күтүлбөгөн жерден кулагынын көнчөгүн тарта баштаса, атүгүл тырмап, ошол эле учурда ачуусу келсе, наристе кулак инфекциясы менен ооруган, тиши чыга баштаган болушу мүмкүн.

Адаттардан оӊой кутулуу

Көпчүлүк адаттар өзүнөн-өзү калып кетет. Бирок, эгерде мындай жүрүм-турум баланын күнүмдүк жашоосуна тоскоол болсо же зыян келтирсе, чара көрүү керек.

Мисалы, бармакты соруу – кадыресе, кадимки көрүнүш. Бирок бала бармагын көп соро бергендиктен сүйлөй же тамак жей албай кыйналса, же теңтуштарынын шылдыңына кабылса, анда мунун бир амалын табуу зарыл. Адегенде төмөндөгүлөрдү жасап көрүңүз:

Адаттардан арылуу боюнча бир нече кеңеш:

  • Мактоо адаттан арылууга жардам берет. Мисалы, сиз: “Абдан жакшы. Манжаларыңды оозуңа салбасаң, сөзүң даана угулат”, – деп айтсаңыз болот.
  • Балаңызга жөн эле эмне кылып жатканын эстетиңиз. Мисалы, балаңыз жеңин чайнап жатса, сиз: “Жеңиңди чайнабай эле койчу – жаман көрүнөт экен”, – десеңиз болот. Бирок чырдашууга жеткирбеӊиз.
  • Балаңыздын бош убактысында бир нерсе менен алек болушуна кам көрүңүз. Мисалы, сыналгы көрүп жатканда балаңызга кыймылдуу бөлүктөрү бар оюнчук менен ойноону сунуштасаңыз болот.

Адаттардан арылуу үчүн кайсы учурда жардам суроо керек?

Болжол менен үч жашында бармак соруу балдардын тиштеринин өсүшүнө кедергисин тийгизиши мүмкүн. Эгер балаңыз үч жаштан кийин деле бармагын соро берсе, анда бул адатты кантип таштатуу керек деп дарыгерден сураӊыз.

Мындан тышкары, эгер сиз үй-бүлөңүздөгү окуялар балаңыздын бул адаттарынын пайда болушуна себеп болушу мүмкүн деп эсептесеңиз, анда муну адис менен талкуулаганыңыз оң.

Кошумча муктаждыктары бар балдардын физикалык адаттары

Кошумча муктаждыктары бар балдардын (мисалы, аутизм менен ооруган баланын) башка балдарга караганда көбүрөөк же дээрлик интенсвидүү адаттары болушу мүмкүн. Эгер сизге кошумча маалымат керек болсо, психолог же башка адистен кеңеш сураӊыз.

Адатпы же тикпи?

Тик — адат эмес. Тик — бул майда булчуңдардын тартышуусу, ал эрксиз кыймылдарды пайда кылат жана бала аларды башкара албайт. Мисалы, баланын көзү тез-тез ирмелип, бети титиреп, колу же ийини диртилдейт. Кээде тик Туретта синдрому сыяктуу абалдан келип чыгат.

Бала тикти бир канча убакыт көзөмөлдөй алат, бирок ал тик жөнүндө ойлонбой калганда кайра пайда болот. Эгерде тик балаңызга көйгөй жаратып жатканын байкасаңыз, анда адистен жардам сураганыӊыз оң.