Таза абадагы оюндар
Таза абада ойноо эмне үчүн маанилүү
Таза абада ойноо балаңызга айлана-чөйрөнү изилдөөгө жана укмуштуу окуяларды баштан өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал оюндарды ойноп, физикалык мүмкүнчүлүктөрүн текшерип, өзүн көрсөтө алат жана өзүнө болгон ишенимди арттырат.
Таза абада ойноо көбүрөөк кир болуу дегенди билдирет — канчалык көп кирдесең, ошончолук кызыктуу болот!
Балаңыз сыртта жүргөндө кыймылдоо үчүн көбүрөөк орун жана эркин болот — чуркоого, секирүүгө, тепкилөөгө жана ары-бери жүрүүгө болот. Ушул сыяктуу активдүү оюндар балаңыздын ден соолугуна, физикалык формасына жана өнүгүүсү үчүн пайдалуу.
Таза абада өткөргөн убакыт балаңыздын алысты көрбөө оорусуна чалдыгуу мүмкүнчүлүгүн азайтат. Ошондой эле, сактык чараларын көрүү менен күндүн астында бир аз болуу пайдалуу — күндүн нурунун бир аз таасири D витамининин деңгээлинин жогорулашына жардам берет.
Балаңызды таза абада ойноого кантип тартууга болот: идеялар
Балаңызга күнүнө бир нече жолу сыртта ойноого түрткү берүү сунушталат.
Сейилдөөгө чыгуу үчүн көп күч-аракет талап кылынбайт, айрыкча жер үйдө жашасаңыз же үйүңүздүн жанында ачык аянтча болсо. Ал эми балдар чоңоюп калганда — аларды сыртка чыгаруу керек жана оюндарды өздөрү ойлоп табууга мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Бирок, кичинекей балдар сыртта ойноп жатканда, алар коркунучка кабылбоо үчүн сиздин жардамыңызга муктаж.
Көптөгөн жаш балдар “жардам бергенди” жакшы көрүшөт. Таза абада ойноо балаңыз менен чогуу бир нерсе жасоону жана күнүмдүк милдеттерди аткарууну камтышы мүмкүн, мисалы, жөөктөрдү отоо, короону шыпыруу, жашылчаларды сугаруу же кийимдерди кургаш үчүн жипке илип коюу.
Жергиликтүү паркка, стадионго же балдар үчүн аянтчага барууга убакыт бөлүү арзан жана оңой вариант, айрыкча үйүңүздө короо болбосо. Балаңызда чуркап, башка балдар менен ойноого дагы көп орун болот.
Паркка бара жатып, балаңызга жол эрежелерин жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун үйрөтсөңүз болот. Кичинекей балдарды да коляскадан алып чыгып, бир аз басууга мүмкүнчүлүк берүү керек. Чогуу сейилдөө балага сиз да сыртта өткөргөн убакытты баалай турганыңызды жана андан ырахат алаарыңызды көрсөтөт. Сырттагы убакытты башкача өткөрсө да болот, мисалы, велосипед же самокат тебүү менен.
Балаңыз чоңоюп калганда ага таза абада аткарылуучу иш-аракеттерге, мисалы, балдар үчүн спорттук секцияга катышууну сунуштаңыз.
Ар кандай курактагы балдар үчүн таза абадагы оюндар
Таза абадагы оюндар кичинекей балаңызга башка чөйрө жөнүндө билүүгө жана аны курчап турган дүйнөдө өзүн ыңгайлуу сезүүгө жардам берет. Кичинекей балаңыз менен таза абада ойной турган оюндардын идеялары:
- жуурканга, сүлгүгө, төшөккө же пледге курсагына жаткыруу;
- ага чөптүн үстүндө, отургучтун астында же эски кутучалар аркылуу жөрмөлөөгө мүмкүнчүлүк берүү;
- дарактардын жалбырактарынын жана бутактарынын кыймылын байкоо, куштардын сайраганын угуу;
- түстүү унааларды, жол белгилерин же светофорлорду кароо.
Чоңураак балдарга курчап турган дүйнөнү изилдөө жана иш жүзүндө өзүнүн күчүн жана жөндөмдөрүн текшерүү кызыктуу. Кичинекей балаңыз үчүн таза абадагы оюндар төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
- топту ыргытып, артынан чуркоо;
- ар кандай оюнчуктарды жана буюмдарды жылдыруу, түртүү же тартуу;
- сейилдөө жана чуркоо, бактардын айланасында секирүү, тротуардагы таштардан же жаракалардан секирип өтүү, көлчүктөргө же силерге жаккан нерселерге секирүү;
- көбүктөрдү үйлөп чыгарып, алар учуп баратканда артынан чуркоо;
- кумда, топуракта же аз өлчөмдөгү сууда ойноо — бирок бала чөгүп кетпеш үчүн сууда ойноп жатканда дайыма көз салып туруңуз.
Мектепке чейинки курактагы балдар башка балдар менен ойногонго үйрөнүшөт. Алар кыялданганды жакшы көрүшөт. Сиз балаңызга таза абадагы ар кандай оюндар үчүн идеяларды айтсаңыз, жашоосунун ушул этабынан максималдуу ырахат алууга жардам бересиз. Мисалы:
- кубалашып ойноо, жашынмак же бири-бирине топту тээп ойноо;
- “туннелдер” аркылуу сойлоп өтүүгө же кулаган дарактардын үстүнөн өтүү;
- түстүү жалбырактар, гүлдөр, жоолуктар же тасмалар менен чуркоо;
- формалардын жардамы менен кум жана ылайдан “торт” жасоо;
- жаратылышка чогуу сейилдөө жана уккан үндөрдү болжолдоо;
- кутулардан, кир салынуучу себеттерден же бакча эмеректеринен же таза абада ойноого болгон нерселер менен үй куруу.
Сиздин мектеп жашындагы балаңыз эрежелер боюнча оюндарга, мисалы, спорттук оюндарга көбүрөөк кызыгып баштады, бирок анын таза абада эркин ойноого убактысы болушу дагы да болсо маанилүү. Бул куракта балдарга төмөнкүлөр жагат:
- шаймандардын, эмеректин же сырттан таба ала турган башка нерселер менен бир нерсе курган жана түзгөн;
- жашынмак ойногон, кубалашып ойногон, чүкөлөр менен, “беш-таш” же “каракчы казактар” сыяктуу оюндар;
- дарактарга чыккан.
Жамгыр же кар жааса сиз жана балаңыз үйдө отурушу керек дегенди билдирбейт — чындыгында, бул балаңыздын фантазиясын жана чыгармачылыгын ойготушу мүмкүн. Силер кол чатыр жана плащ менен сейилдеп, жамгырдан кийин жалбырактардын сүзүп жатканын көрүп, көлчүктөрдүн үстүнөн же резина өтүк менен секирип көрсөңөр болот.
Сыртта ойноп жаткандагы шишиктер жана көгөрүүлөр
Сыртта ойноп жатканда балаңыз жабыркап калышы мүмкүн деп тынчсыздануу кадимки көрүнүш. Кээде балаңыз өзү үчүн жаңы нерселерди сынап көргүсү келгенде толкунданышы мүмкүн. Бул таза абада ойноо үчүн кадимки көрүнүш жана мындай толкундануу баланын сыртта ойногусу келишине тоскоол болбошу керек.
Сыртта балаңыз оюндун чектерин кеңейте алат, анткени ал жерде кенен, тезирээк чуркай алат, бийик чыгат, алыс секире алат.
Бул жыгылууга, тытылууга же ыйлоого алып келиши мүмкүн, бирок “тобокелдүү оюн” балаңызга каталардан сабак алууга жана тез калыбына келүүгө жардам берет.
Сыртта ойноого көп уруксат берилбеген балдар келечекте сыртта ойногондо олуттуу жаракат алышы ыктымал.