Баланын өмүрүнүн биринчи жылындагы физикалык активдүүлүк, экран алдындагы убакыт өткөрүү жана жана уйку боюнча сунуштар
Дени сак өсүүнүн негизин туура тамактануудан тышкары физикалык активдүүлүк жана жакшы уйку, ошондой эле туруктуу кам көрүү жана колдоп турган коопсуз чөйрө дагы түзөт. Андыктан күнүмдүк иш-аракеттерди баланын курагына жана керектөөлөрүнө ылайык пландаштыруу маанилүү.
12 айга чейинки балдар:
• Балдар күнүнө бир нече жолу физикалык активдүүлүктүн ар кандай түрлөрү менен алектениши керек, анын ичинде чоңдор менен жерде ойноо; канчалык көп ойносо ошончолук жакшы. Эгерде бала өз алдынча баса албаса, ага күн сайын чалкасынан 30 мүнөттөн кем эмес жатуу сунушталат (бир күн ичинде ойгоо тургандагы ар кайсы учурларда).
• Эс алуу боюнча абал: балага эс алуу учурунда 1 сааттан ашык чалкасынан жатуу сунушталбайт. Бул убакытты сүйлөшүү, ырдоо, балага китеп окуп берүү, таза абада чогуу сейилдөө сыяктуу стимул берүүчү иш-аракеттер үчүн колдонуу керек.
• Ушул мезгилде балдарды экрандын таасирине (сыналгы, планшет, уюлдук телефон) дуушар кылуу сунушталбайт.
• Баланын күндүз жана түнкүсүн уктоо убактысы чоңойгон сайын өзгөрөт. Ал 0дөн баштап 3 айга чейинки эң кичине куракта 14–17 саатка созулушу мүмкүн, ал эми кийинки 4 айдан 11 айга чейин мезгилде бир аз кыскарып, 12–16 саатка созулат.