Китепкана ишмердүүлүгү: 3-6 жаштагы балдар

Балаңыз менен китепканага баруу китепке жана окууга болгон сүйүүсүн арттырат. Сиздин балаңыз китептерди тандап, бекер ала алат. Ошондой эле китепканаларда балдар үчүн мектеп каникулдарында жомок окуулар, түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт.
Body

Китепканалар: эмне үчүн алар балдар үчүн жакшы

Балаңыз менен коомдук китепканага баруу китепке жана китеп окууга болгон сүйүүнү өрчүтүүнүн эң сонун жолу.

Сиз мыкты балдар китептерин жергиликтүү китепканадан бекер ижарага ала аласыз. Китепканаларда көбүнчө аудиокитептер, эки тилдүү китептер, электрондук китептер жана журналдар бар. Бул сизде көптөгөн китептерге жана окууга керектүү нерселерге ээ боло аласыз дегенди билдирет - жана бул сизге эч нерсе талап кылбайт.

Сиздин балаңыз китепканадан өзүнүн китептерин тандоо  кызыктуу болот. Китепкананын кызматкерлери сизге жана сиздин балаңызга китептерди сунуштай алышат.

Китепканалар ошондой эле балдар үчүн мектеп майрамдарында аңгемелерди, иш-чараларды жана программаларды сунуштайт.

Китепканага баруу үчүн эмне керек

Сиз жөн гана жергиликтүү китепканаңыздын кайда экенин билишиңиз керек! Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органына телефон чалыңыз же анын вебсайтына кайрылыңыз.

Эгерде сиз айылдык же алыскы бөлүгүндө жашасаңыз, анда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынан мобилдик же китепкананы абонементтин аралыктан алуу кызматын сунуштай алаарын  сурап тактай аласыз.

Эгерде сизде бир нече жергиликтүү китепканага кирүү мүмкүнчүлүгүңүз болсо, анда кайсы китепканада балдар үчүн жакшы китептер бар экенин билүүнү сурансаңыз болот. Кээ бир китепканалар башкаларга караганда балдарга ылайыктуу болушу мүмкүн.

Китепканага киргениңизде, китепкананын кызматкерлери балаңыз канча китепти окуганга алса болот жана качан кайтаруусу керек экенин айтып беришет.

Китепканага кантип баруу керек

  • Балаңызга китепкана жөнүндө барардан мурун сүйлөшүңүз. Мисалы, «Бул бир аз убакытка окуганга китептерди тандап ала турган жер. Китептерди окуп бүтүргөнүбүздө башка бирөө окуй алгыдай кылып кайра алып барып беребиз. Китепканалар - тынч жерлер. Ал жерде биз чуркай албайбыз же кыйкыра албайбыз».
  • Үйдө тынч "китепканадагы үндү" колдонуп машыгыңыз.
  • Китепканада балдар бөлүмүнө барып, балаңызды китептерди карап чыгууга үндөңүз. Ага китептерди карап чыгууга бир аз убакыт бериңиз.
  • Балаңыздын кайсы китептерге кызыкканына көңүл буруңуз жана ал караган китептер жөнүндө сүйлөшүңүз. Мисалы, “Бул кызыктуу китеп окшойт - бул эмне жөнүндө болушу мүмкүн деп ойлойсуң?'
  • Балаңыз менен чогуу отуруп, китептерди чогуу окуңуз. Кайсынысын окуганга  алууну жана кайсынысын текчеге кайра коюуну чогуу чечиңиз.

Ар кандай китептерди колдонуу - бул үйрөнүүнүн бир бөлүгү. Балаңыз тандаган кээ бир китептер өтө оор болуп чыкса да, ал ойлогондой кызыктуу болбосо да, китепти окуунун мааниси чоң. Сиз аларды кайра кайтарып, кийинки жолу башка китепти ала аласыз.

Китепканага барууну ар кандай курактагы балдар үчүн ылайыкташтыруу

Көпчүлүк китепканаларда  кызматкерлер же ыктыярчылар китептерди тандап, жаш балдарга аңгемелерди, окуяларды окуп беришет. Бир аз ызы -чуу жана сүйлөшүү адатта аңгемелерди, окуяларды окуу  убагында жакшы болот, андыктан мындай сеанстар  кичинекей балдар үчүн эң жакшы.

Чоңойгон балдар кызыккан жерлери боюнча китеп издөөнү жакшы көрүшү мүмкүн - мисалы, күчүктөр, балет же вулкандар. Сиз балаңызга теманы же сүйүктүү авторду издөө үчүн каталогду кантип колдонууну көрсөтсөңүз болот.