10-12 ай - Адаттардын жана ырааттуулуктун калыптануусу
10-айдан 12-айга чейинки мезгилде баланын өнүгүүсү
Баарлашуу
Эмне жаңы?
Бул мезгилде балаңыздын биринчи чыныгы сөзү пайда болот. Ал дагы деле болсо көп учурда булдурагыны менен, биринчи жылдын аягында балаңыз жок дегенде бир сөз колдонуп, анын маанисин түшүнөт (мисалы, "а-па" же "а-та"). Ал алы жеткен ар кандай ыкма менен сиз менен тынбай сүйлөшүүгө аракет кылат - бир гана сөздөрдү эмес, ошондой эле ишарат кылуу, кыймылдоо, баш ийкөө, кол булгалоо сыяктуу жолдор менен. Эгерде сиздин балаңыз азырынча баарлашуу үчүн сөздөрдү колдонбосо, кабатыр болбоңуз. Ал көңүлүңүздү өзүнө буруп, эмнени каалап жаткандыгын билдирүүнүн жолун табат. Ал сизди барган сайын көбүрөөк түшүнө баштайт.
Сиз кантип жардам бере аласыз?
Аны менен күнүмдүк иш-аракеттерди жасап жаткан учурда сүйлөшүңүз - кийинүү, тамактануу, сейилдөө, соода кылуу учурунда... Эмне жасап жана айланаңызда эмнелерди көрүп жатканыңызды айтыңыз - бул сабак эмес, жөн гана баарлашуу болот. Эгерде ал сүйлөшүүгө аракет кылса, анын айткан сөздөрүнө маани берүү иретинде бир аз кошумчалап жооп бериңиз (Мисалы: ал "а-та" же "а-па" десе, "Ооба, атаң келди" же "Ооба, апаң келди" деп жооп бериңиз). Мындай жол менен сиз анын сөз байлыгын байытып жана баарлашуу жөндөмдөрүн өрчүтөсүз.
Бул мезгилде, балаңыз "муну агаңа бер", "кол булгала" же "муну тийбе" сыяктуу кыскача көрсөтмөлөрдү түшүнөрүн байкай аласыз. Анын жаңы түшүнүктөрүн ар дайым жылмайып же мактап коштоп туруңуз.
Сезимдер
Эмне жаңы?
Кичинекей кезиндегидей эле, балаңыз дагы деле чоочуркоону көрсөтөт. Сиз бөлмөдөн чыгып кетсеңиз, наристеңиз дагы деле коркуп, ыйлай баштайт. Анын эмоционалдык өнүгүүсү өсүп жаткандыктан, ал муктаждыктарын көбүрөөк биле баштайт. Байланыш көндүмдөрүн өркүндөтүү менен ал сизге өзүнүн каалоолорун жана сезимдерин жеткире алат.
Сиз кантип жардам бере аласыз?
Жат адамдардан дагы деле чоочуркаса, наристеңизди сооротууну улантыңыз. Ага күнүмдүк тажрыйбаны тартуулаңыз, бир азга алыстап басып кетиңиз - башка бөлмөдөн оюнчук алып келип, кайтып келсеңиз болот. Жашынмак же жашыруу сыяктуу оюндар ушул сезимдерди башкарууну үйрөнүүгө жардам берет. Кандай гана сезимдерге ээ болбосун, аны угуп, анын каалоолорун чечмелөөгө аракет кылгыла, андан кийин аларды сөздөр менен түшүндүрүүгө жардам бергиле (мисалы, "Бөбөк аябай чарчады" же "Бөбөк кашыкты алгысы келип жатабы, азыр мен сага аны алып беремин.")
Ой жүгүртүү
Эмне жаңы?
Ушул мезгил аралыгында балаңыз ар дайым үйрөнүү процессинде экендигин унутпаңыз. Ушул курактагы бөбөктөр жууркан же чынынын астына катылган буюмдарды табууну жакшы көрүшөт. Алар бир нерсенин кантип иштээрин билгиси келет - көбүнчө аны кармап, силкип, ургулап, ыргытып же жерге чапкылап көрөт (буюмдар бүтүн экенине ишениңиз!)... ал өзүн караган чоңдор менен ойногондон ырахат алат. Биринчи жылдын аягында ал өзү оюнду башташы мүмкүн - өзү ойногон оюнчуктарды сизге көрсөтөт.
Сиз кантип жардам бере аласыз?
Кичинекей кезиндегидей эле, балаңыз дагы деле оюн аркылуу мыкты үйрөнөт. "Бирге ойнойбуз" бөлүмүндө, ушул курактагы наристеңиз сүйө турган көптөгөн иш-аракеттерди таба аласыз. Ар бир бала уникалдуу, андыктан анын демилгесин жактырып, анын оюнчуктарды жана кызыкчылыктарды тандоодогу каалоосуна колдоо көрсөтүңүз. Жөнөкөй эле күнүмдүк буюмдар жана иш-аракеттер анын билимин жана ой жүгүртүү жөндөмүн байытат. Ага китеп окуп, салттуу окуяларды айтып, музыка ойноп же ыр ырдап, балдардын ырларын айтып бериңиз. Сүрөттүү китептердин барактарын барактай берсин. Жуунуу же кийинүү ага дене мүчөлөрүн көрсөтүүгө жардам берген эң сонун учур.
Кыймыл аракет.
Эмне жаңы?
Ушул айларда бир топ кубанычтуу өнүгүү-өсүү болот. Балким, наристеңиз бир нерсени кармоо менен туруп баштайт. Андан кийин ал өз алдынча турууга аракет кылып, алгачкы кадамдарын жасашы мүмкүн. Ар бир бала ар башка, бирок ушул мезгилдин аягында кээ бир балдар өз алдынча басышы мүмкүн. Бирок, басуу ымыркайлар үчүн чоң көйгөй болуп саналат, жана кээ бир эрте баскандар дагы деле өз дүйнөсүн изилдөөнүн жеңил жолу катары эмгектеп кетишет. Ошол эле учурда, ал айлана-чөйрөнү изилдөө үчүн колун жана манжаларын колдонуу көндүмдөрүнө ээ болот.
Сиз кантип жардам бере аласыз?
Балага басууну үйрөтүүнүн кажети жок! Бирок аны кыймылдоого түрткү берүүчү кызыктуу, күнүмдүк ыкмаларды табыңыз, ошондо ал татаал кыймылдар үчүн булчуң күчүн арттырат. Эми ал басып бара жатканда, кичинекей жорукчу үчүн үйүңүздүн коопсуздугун текшериңиз. Анын координациясы жана колдорун иштетүүсү жакшырууда. Кармоо, же бир нерсени экинчисине ургулоо, же аларды кутучаларга салып, кайра алып чыгуу же дасторкондон тамак-аш күкүмдөрүн чогултуу аркылуу буюмдардын ар кандай текстураларын изилдөөгө, уруксат бериңиз. Ага кагазга жазуу үчүн карандаштарды бериңиз.
Баланын өнүгүүсүн оюн аркылуу кантип өнүктүрүүгө боло тургандыгын билүү үчүн, "Бирге ойнойбуз" бөлүмүнө өтүңүз.
10-айдан 12-айга чейинки мезгилдеги өнүгүүсү боюнча ата-энелердин кооптонуусу
Ар бир бала өзүнчө өркүндөп өскөндүктөн, сиздин балаңыз кайсы бир жөндөмдү качан жана кантип өркүндөтөрүн так айтуу мүмкүн эмес. Ушул мезгилде күтүлүүчү жана саналып өткөн жөндөмдөр (өнүгүү этаптары) сизге балаңыз чоңойгон сайын күтүлгөн өзгөрүүлөр жөнүндө жалпы түшүнүк берет. Сураныч, анын өнүгүүсү бир аз башкача жолго түшүп калса, кабатыр болбоңуз.
Ошентсе да, эгерде балаңызда өнүгүүсүнүн кечеңдеген белгилеринин бирин байкасаңыз, балаңыз мурунку курагында өздөштүргөн кээ бир көндүмдөрүн жоготуп койгондой сезилсе же сизде башка кыжалатчылыктар болсо, анда мүмкүн болушунча эртерээк тынчсызданып педиатрыңызга кайрылыңыз:
• балаңыз сизди тиктебейт же кыймылдаган нерселерди көзү менен ээрчип карабайт,
• үндөргө кызыкпайт,
• аны чакырганда атына жооп бербейт,
• кобурабайт,
• каалоолорун же муктаждыктарын кандайдыр бир жол менен билдирүүгө аракет кылбайт,
• буюмдарды көрсөтпөйт,
• эмоцияны көрсөтпөйт,
• эмгектебейт
Reference:
https://raisingchildren.net.au/babies/development/development-tracker-3-12-months/10-11-months
https://raisingchildren.net.au/babies/development/development-tracker-3-12-months/11-12-months
Laura E. Berk (2006), Child development (7ht edition), Allyn & Bacon
Dr sci Nirvana Pištoljević (2016), Rani razvoj deteta: šta treba znati, Udruženje pedijatara Srbije, Beograd.